Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 19-2
Кеңеш айыл аймагында Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 жылга БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫН Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 жылга БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫН жактырылып, бекитилсин. (иш-чара тиркелет).
2. Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 жылга биргелешкен аракеттер планынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Матисаковко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |
Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин
(6-чакырылышы) кезексиз 19-сессиясынын
№ 19-2- токтомуна № 1 тиркеме
Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 –жылга
БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫ
Багыты: Калкты ичүүчү суу менен жабдуу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүроттөлүшү: Шаңкол, Арбын Чегеден айылдарында таза суунун жоктугу.
Айыл аймактын Шаңкол, Арбын, Чегеден, Ак-Терек айылдарында суу түтүкчөлөрү иштебейт, суу топтоочу кампалар жок. 1960-70-жылдары курулган түтүктөрү жараксыз абалда. Суунун дарыялардын четиндеги булактардан ташып ичишет. Бул көйгөй 1990-жылдан ушул мезгилге чейин чечилбей келүүдө айрыкча калктын аярлуу катмарлары көйгөйгө муктаж. Натыйжада жашоочулар арасында жугуштуу оорулардын деңгээли өсүүдө, жашоочулардын жашоо шарттары төмөндөөдө. Үй-бүлөлүк кирешелери азаюуда.
Бенефициарлар:
Шаңкол айылынын жашоочулары – 5288, үй кожолуктарынын саны 873.
Арбын айылынын жашоочулары -5000, үй кожолуктарынын саны – 708.
Чегеден, Ак-Терек айылдарынын жашоочулары - 989, үй кожолуктарынын саны – 147.
Айыл аймак боюнча - жашоочулардын саны – 11 277, үй кожолуктарынын саны – 1 128.
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Шаңкол, Арбын,Чегеден, Ак-Терек айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу | 1. Таза суу боюнча камсыздоочу долбоордун ПСДларын даярдоо 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Долбоор боюнча жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү жана керектүү маалыматтарды таркатуу. | Шаңкол, Арбын, Чегеден, Ак-Терек. | 2020-2021-жылдын 1-3-кварталы. | ЖБ | РБ | Донор | Башка | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан. ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла. Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек. Айылдык кеңештин төрагасы: Абдибает уулу Марат. | ПСДнын даяр болуусу, уруксат берүүчү иш кагаздардын даяр болуусу. Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматтын даяр болушу. Ичүүчү суу менен камсыздоочу суу түтүкчөлөр-дү жана кампаларды куру. | Ичүүчү суу менен камсыз болгон үй-бүлөөлүрдүн саны . Жашоочулар арасында жугуштуу оорулардын санынын көрсөткүчү.
Жашоочулар-дын жашоо шарттарынын өсүү көрсөткүчү.
|
1 500 000 | - | 50 000 000 | 1200 000 | |||||||
2. Багыты: Тиешелүү аймактын экономкалык өнүгүшүн камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу.