Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 22/87
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005–жылдын 6–майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жобонун 2– жана 8–бөлүмдөрүнө негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019–жылдын 14–февралындагы № 33 протоколунун чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2019–жылдын 04–февралындагы №01–8/170 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарында жеке турак жайга жер бөлүп берүү тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2019-жылдын
19- мартындагы кезектеги
XXII сессиясынын №22/88 токтомуна
№1 тиркеме
Кызыл-Кыя шаардык архитектура башкармалыгына, Кызыл-Кыя шаардык мамкаттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын башкы адис-юристине, мэриянын алдындагы жерлерди башкаруу туруктуу комиссиясынын 17.11.2017-ж №9 протоколунун чечими менен «Кызыл-Кыя шаарында жеке турак жай курууга жер бѳлүп берүү жана жеке турак жайга даярдалган корутундуларды берүү» тартибин иштеп чыгуу, даярдоо сунушунун негизинде.
Кызыл-Кыя шаарында жеке турак жайга жер бѳлүп берүү тартиби төмөндөгү укуктук актыларга негиз даярдалды:
1. КР Граждандык кодекси. (2017-жылдын 08-июнундагы №100 Мыйзамынын редакциясында);
2. КР 1999-жылдын 02-июнундагы №45 Жер кодекси;
3. КР Жеке турак жай мыйзамы. 21.12.1991-ж.;
4. КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому;
5. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому;
6. Шаар куруу документеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана
бекитүү тартиби. (СНиП) 30.01.2001-ж.;