Загрузка документа…
МИН-БУЛАК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 2/4
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. Тиркеме беш баракта тиркелет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
К. Усуповго жүктөлсүн.
Токтомду minbulak.org.kg веб сайтына жайгаштыруу Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асанов |
|
|
Мин-Булак айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2019-жылдын 28-март
№ 2\4 токтому менен бекитилди
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
I. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Ушул жобо айыл аймагынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр
3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
кепилдик салымы – кызмат көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма;
конкурс – тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу;
ак ниет эмес атаандаштык – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субъекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо:
конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу,