Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №27/7
USAIDдин «Ийгиликтуу аймак долбоорунун Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын негизинде Дөбөлү айыл аймагында USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору тарабынан даярдалган кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стратегиясы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу.Ж |
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясынын
2019-жылдын 17-январдагы 27/7 токтомуна тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
НАРЫН РАЙОНУ
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Мазмуну
1. Киришүү 4
2. Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары 4
3. Жумушчу комиссиянын курамы 4
4. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы 5
5. Стратегияга кошулган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги 5
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы 7
7. Мониторинг жана баалоо 23
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугуна таасирин тийгизген факторлор. 24
1. Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Планын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨПте чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Дөбөлү айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясынын максаты – Дөбөлү айылдык аймагында жогорку сапатта жана азыраак чыгым менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылды:
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Аныкталган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жагын ушул стратегия аныктады.
Учурдагы абалына анализ жасалды.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары аныкталды.
Стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы түзүлдү.
3. Жумушчу комиссиянын курамы
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Дөбөлу Айыл өкмөттүн башчысынын 2018-жылдын 15-октябрындагы №49-б буйругунун негизинде түзүлгөн.
№ | Аты-жөнү | Жасаган иши/Ээлеген кызматы |
| Алсейитов Улан | Дөбөлү Айыл өкмөттүн башчысы, Жумушчу комиссиянын төрагасы |
| Уланбек уулу Жолдошбек | Айылдык кеңештин төрагасы, Жумушчу комиссиясынын орун басары |
| Касымова Жайна | Айыл окмотунун жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы |
| Абдыканов Жалый | Аксакалдар сотунун төрагасы |
| Курманбек уулу Бакыт | Жаштар уюмунун мучөсу |
| Абдыкадыров Адилет | Айыл өкмөттүн инвестиция боюнча адиси |
| Курманов Жургалбек | Кенеш айылынын айыл башчысы |
| Исаева Таарынды | Алыш айылынын китепкана башчысы |
| Курманалиева Гулум | Айыл окмотунун салык адиси |
| Абдыжапарова Айнура | Музей башчысы |
| Урбаева Сыягуль | Аялдар кеңешинин төрайымы |
| Исаков Акылбек | Доболу айылдык кенешинин депутаты |
4. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы