Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 90/20
2020-жылга жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органынын Биргелешкен аракеттер планы жөнундө Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ибраимовдун маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органынын Биргелешкен аракеттер планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жуктөлсүн.
Төрага | Ж. Акматов |
Бекитемин
“Жазы” айыл кеңешинин төрагасы: __________________ Акматов Ж. С.
Жергиликтуу жамаат менен Жазы айыл аймагынын ЖОБ органдарынын 2020-жылга
БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫ
Багыты: Инфраструктура.15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
Койгойдун аталышы жана суроттолушу: Жазы айыл аймагындагы Кара-Дыйкан, Жээренчи, Кызыл-Дыйкан, Жазы айылдарында тургундардын жеке менчик үй курууга муктаждыгы.
Жер тилкесине муктаж атуулдардын айыл өкмөтүнө кайрылуусу жылдан жылга өсүүдө азыркы учурда айыл аймак боюнча 1600 ашык жарандар турук жай куруш үчун арыз менен кайрылышкан жана кезекте турушат. Бир үй-бүлөөдө 3-4 келиндер чогуу жашап уруш талаштар көбөюуп ажырашуулар көп учуродо. Ошол себептүү чет мамлекеттерге жумушка жана жарандыгые алмаштырууга аргасыз болушууда. Жаш балдар кароосуз чоң эне чоң ата же туугандарынын колунда калып тарбиясы начар болуп ата-эне мээриминен ажыроодо.
Бенефициарлар: Кара-Дыйкан айылынын тургундары 7200 киши, Жээренчи айылынын тургундары 3784 киши, Жазы айылынын жашоочулары 1790 киши Кызыл-Дыйкан айылынын тургундары 3528 киши.
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо (миң сом) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
ЖБ | РБ | Донор | Башка | ||||||||
| Айыл аймагындагы Жээренчи, Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан, Жазы айылдарынын 1600 ашык тургундарынын жеке менчик үй курууга муктаждыгын жоюу | 1-тапшырма: Жээренчи, Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан, Жазы айылдарынын үй курууга муктаж атуулдарынын кайрылууларынын санын тактоо. Иш-чаралар: 1.Үй курууга муктаж болгон атуулдардын кайрылууларын тактоо боюнча комиссия түзүү 2.Жарандардын кайрылууларынын санын тактоо | Жээренчи, Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан, Жазы | 2020-ж Январь -февраль | - | - | - | - | АӨ башчысы Ибраимов Максатбек. Тургунбекович, АӨ башчысынын орун басары Боромбаев Жамшит Жолуевич, АӨ, ФЭБ башчысы Мисирали уулу А. ДТ лидерлери, Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагасы (макулдашуу боюнча) Тургунбаева Сайрагул. | -Комиссия түзүлдү -керектуу уруксат кагаздар алынды -Саны такталды -Элге түшүндүрүү иштери жургузулду | 1 комиссия
1 уруксат кагаз
кайрылуулар катталган жалпы 1 журнал ачылды
4 жыйын отту |
|
| 2-тапшырма. 2.1. КРЖогорку Кеңешине ж.б. жогорку органдарга кайрылууларды жолдоо 2.2. канча каражат керектигин тактоо, каржы булактарын табуу 2.3. Жергиликтуу бюджеттен мумкунчулуктөрдү карап чыгуу | Кара-Дыйкан, Жээренчи, Кызыл-Дыйкан | 2020-ж Март | 150,0 | - | - | - | Жогорку кенешке жана Кыргыз Окмотуно кат жолдонду Каражаттары эсептелди
Жергиликтуу бюджеттин мумкунчулугу каралды | 2 кат жолдонду
1 смета иштелип чыкты АКтин 1 сессиясы отту | |
Багыты: Инфраструктура. (6-жергиликтуу маанидеги маселе) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу);
Койгойдун аталышы жана суроттолушу: Жазы айыл аймагындагы Кара-Дыйкан, Жээренчи, Кызыл-Дыйкан, Жазы айылдарында ички жолдордун начардыгы жана башкы план боюнча жолдордун тосуктугу (тупик).
Кара-Дыйкан айылындагы ички жолдордун начардыгы жана башкы план боюнча жолдордун ачылбагандыгы (тупик) .Айыл боюнча жолдор начар абалда, кээ бирлери аябай тар, жана жарандар курулмаларды куруп тосуп алышкан. Кара-Дыйкан айылындагы Жоробаев, Назарматов, Абдрасулов, Токтогул көчөлөрү тар жарандар кызыл линиядан чыгып кетишкен эки машина катар келсе батпай ыңгайсыздык жаратат. Жолдордун эскилиги жетип оюлуп кеткен.
Ал эми Амракулов, Изреков көчөлөрүндө тургундар башкы планга карабастан курулмаларды куруп жолдорду тосуп алышкан ошол себептен элдер узак жол басууга туура келет. Мисалы; 5 мүнөттө басып өтчү жолду жарым сатта басып өтүүгө туура келет, окуучулар мектепке барганда коопту абал жаралат, тикен зымдар менен тосуп алышкан курулмалардан кар күрткүлөрү, жаз мезгилинде жаандан тамчылар таамып жагымсыз жагдай жаратат, техника ал жерден такыр өтө албайт.
Жазы, Кызыл-Дыйкан айылыдарынын шалы эгиле турган талаадагы жолдор аябай начар, себеби шалыдан ашкан пайнап суулары жолго арык болуп агууда. Адырдагы жолдор 30 жылдан бери оңолбой келет, ошондуктан ал жолдордо техника менен чөп ташуу аябай кооптуу. Жээренчи айылындагы Саяков, Касымалиев атындагы көчөлөрү аябай уңкул чуңкул ылай шагыл төгүлгөн эмес, кээ бирлери аябай тар, техника ал жерден өтүүдө коопту абал пайда болот .