Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-Февралы №100
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери жонундо билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
( тиркеме тиркелет)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
Төрага: | А.Саматов |
Ак-Суу айыл окмотунун башчысынын “ 2018-жыл Региондорду онуктуруу жылында” Аксуу айыл аймагында аткарылган иштер жонундо
МААЛЫМАТЫ .
Аксуу айыл окмотунун 2018-жылга 32 пунктан турган туруктуу онуктуруу программасынын 27 иш чарасы аткарылып 6 иш чарасы аткарылбай калды .Себеби жер маселеси чечилбегендиктен тамчылатып сугаруу жана Ямма Беккери , инвестор жок болгондуткан куруч тангактоочу кичи цех , темир бетон чыгаруучу кичи цех куруу иш чаралары жана акча каражаты чечилбегендиктен мусор таштоочу жайдын айланасын тосуу иш чаралары аткарылган жок .
Жергиликтуу салыктардын аткарылышы жонундо .
2018-жылы жергилктуу бюджет толугу менен жыйналды башкача айтканда план тапшырма 2409295 сом болсо жыл ичинде жалпысы болуп 2574040 сом жыйналып план тапшырма 107 % га аткарылды .
№ |
| факт | план | айырмасы | аткарылды % менен |
1 | Ыктыярдуу негиздеги патент | 200001 | 163200 | 36801 | 123 |
2 | 2-топтогу кыймылсыз мулк салыгы | 14446 | 13492 | 954 | 107 |
3 | Транспорт салыгы | 338879 | 220967 | 117912 | 153 |
4 | Тамарка салыгы (физ) | 124871 | 122186 | 2685 | 102 |
5 | А/ч багытындагы жер салыгы (юрид) | 280654 | 278934 | 1720 | 101 |
6 | А/ч багытындагы эмес жер салыгы (не с/х) | 19179 | 14791 | 4388 | 130 |
7 | КБФгы жерлердин ижара акысы | 1554010 | 1553725 | 285 | 100 |
8 | Имараттын ижара акысы | 42000 | 42000 | 0 | 100 |
| Баардыгы | 2574040 | 2409295 | 164745 | 107 |
Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС уюму менен биргеликте Погрузчик техникасы 3472 мин сомдук фронтальный погрузчик алынды .Анын ичинен 2604 мин сом АРИС уюму аркылуу фронтальный, 868 мин сом жергиликтуу бюджет эсебинен каржыланды , жыл ичинде ички жайытка баруучу жолдор оз убагында ондолуп 2018-жылдын жаз –жай айларында катуу жамгырдан кийин келген селдин натыйжасындагы кырсыктарды оз убагында жоюу учун иш чаралар жургузулду . жыл ичинде канча жолу сел катталган болсо эгин талааларын суу менен камсыздооодо жана ошондой эле ички каттамдар узгултукко учураган жок.
Жезкен айылына жергиликтуу калкты медициналык жактан тейлоо учун атайын жай жок болгондуктан 2017-жылкы райондук комиссиянын чечиминин негизинде жалпы сметасы 3707,0 мин сомдук ФАПтын курулуш иштерине айыл окмоту тарабынан тендер жарыяланып 2018-жылдын жай мезгилинде курулуш ишщтери башталып республикалык туртку беруучу гранттын эсебинен 3000,0 мин сом жергиликтуу бюджет эсебинен 707,0 мин сомдук акча каралып , тендерде женуучу деп табылган АЛЬ Фирдаус ишканасы тарабынан жалпы суммасы 2455 мин сомдук курулуш иштери аткарылып пайдаланууга берилди. Ресб бюджеттен 1919 мин сом жерг бюджеттен 536,09 сом каржыланды.Бугунку кундо жергиликтуу калкка кызмат кылууда .
Жергиликтуу бюджеттин эсебинен 699,2 мин сомго Ак-Суу, Суу Башы айылына кабельдик интернет менен камсыздоо максатында 25 км кабель сатып алуу боюнча тендер жарыяланып женуучу Лейлек телеком компаниясы женуучу деп табылып 25 км аралыкка интернет кабелин, чубалгыларын тартышып бугунку кундо айыл аймагындагы айыл окмоту китепкана , № 11-УБДТ чексиз интернет байланышы менен камсыздалды. 2019-жылы Курулуш .Эгемендуулук жана М.Горький орто мектептерин жана Тынчтык балдар бакчасын чексиз интернет менен камсыздоо жанан Жениш Алга айылдарын интерьнет менен камсыздоо планы турат.
Ак-Суу айыл аймагынын Алга, Жениш, Ак-Суу, Суу башы айылдарына ички арыктарынын керектуу жерлерине труба коюлуп негизги ички жолдоруна шагыл салуу учун тендер жарыяланып женуучу Агат КГстрой ЖЧКсына жергиликтуу бюджет эсебинен 598,7 мин сом которулуп кум шагыл салынып керектуу арыктарга труба коюлду .
Ак-Суу айыл окмотунун кенсесине жана аймактык оорукананын Ак-Суу болумуно жылытуу системасын орнотуу учун тендер жарыяланып женуучу Агат КГстрой ЖЧКна жергиликтуу бюджеттен 425,8 мин сомго которулуп бугунку кундо жылытуу системасы иштеп жатат.
Элди тазасуу менен камсыздоо максатында Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын Гулчун жаны конушуна2км таза суу тутугун тартуу боюнча жана Суу башы айылындагы суу кампасына электр чубалгыларын тартуу учун тендер жарыяланып женуучу Агат КГстрой ЖЧКсына жергиликтуу бюджет эсебинен 178,0 мин сомдук курулуш материалдары жана суу тутуктору сатылып алында . 2019-жылдын март айында тазасуу линиясын таруу жумуштары башталат кол жумуштарын аткарган жергиктуу калктын жушмуштары БУУ ДАТПсына сунушталып керектуу эсеп кысаптары берилди .