Редакцияот 03.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХVI-сессиясы

 

2019-жылдын 03-апрели №93

Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Ийри-Суу айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Ийри-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата 15 пунктан турган иш- планы жана 14 пункутан турган уюштуруу – массалык иштери бекитилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Курманбеков.

 

Тиркеме

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин 2019-

 жылдын 03-апрель № 93 токтому менен

 бекитилген

Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн

иш планы

I .2019-жылы Ийри-Суу айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:

1.Айылдыккеңештин 2019-жыл үчүн иш-планын бекитүү (2019-жылдын I - кварталы , кеңештин төрагасы)

2. Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтү

ү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн программаларын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2019- жыл үчүн жылдык отчет ( 2019- жылдын I- кварталы Тиленбаев А. К. )

3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткрылышы ( айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагсы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А. Айтиев. 2019- жылдын I - кварталы )

4. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2018- жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ( айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси )

5.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2019- жылга бюджеттин кирешелер , чыгашалар боюнча бекитүү ( 2019-жылдын I- кварталы айылдык кенештин финансы – бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси )

6.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018- жылдагы киреше, чыгаша жылдык отчетун угуу ( Жайыт комитетинин төрагасы У. Абдуллаев 2019- жылдын I- кварталы )

7. Ийри-Суу айыл аймагын социалдык – экономикалык жактан өнүктрүүнү жана коргоонун 2019- жыл үчүн программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыжаларын бекитүү ( 2019- жылдын I- кварталы , Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Тиленбаев А. К )

8.Бюджеттин 2019- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык, 9 айлык жана жылдык планынын аткарылышы жөнүндө ( 2019- жыл, айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси Ийри-Суу айыл өкмөтү А. Тиленбаев август , октябрь айлары )

9. Ийри-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин 2019- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 9 айлык жана жылдык планынын аткарылышы жөнүндө ( 2019- жыл, айылдык кенештн финансы- бюджет жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларынын төрагасы жана жайыт комитети тогуз айлык отчету октябрь ,жылдык отчету 2020-жыл февраль айлары ).

10. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторунун жыл ичинде аткарыган иш- планынын жылдык отчетун угуу жана кароо ( учаткалык инспектор 2019- жыл декабрьайы ).

11. Айылдык кенештн туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуу. (декабрь айы)

12. Кезексиз сессияларды өткөрүү ( жыл ичинде )

13.Туруктуу комиссиялардын иш- планын бекитүү ( апрель 2019- жыл айы )

14.Айылдык кенешинин төрагасынын отчетун угуу ( 2020- жыл февраль )

15.Айыл өкмөтүнүн социалдык стратегический планынын бир жылдыгын бекитүү. ( март айы)

II. Уюштуруу-массалык иштер

 

№

Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар

Эскертүү

 

1

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү

Кварталда бир жолу

Кеңештин төрагасы

 

 

2

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу.

4 айда бир жолу

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

 

3

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына кеминде бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

 

5

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу

Жылына бир жолу

Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү

 

 

6

Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу)

Жылына 1, 2 жолу

Кеңештин төрагасы

 

 

7

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө

2019-жыл, сентябрь

Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия

 

 

8

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө

 

9

Алтынчы чакырылыштагы Ийри-Суу айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө

2019-жылдын ар бир кварталында

Кеңештин жооптуу катчысы

 

 

10

Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү

2019-жыл

квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

 

 

11

Ийри-Суу айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

2019-жыл, 2-квартал

 

Айыл чарба жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиялар

 

 

12

Ийри-Суу айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы

 

13

Айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү

Биринчи квартал

Айыл өкмөтү

 

 

14

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

2019-жыл, март

Кеңештин төрагасы

 

 

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:

 

С.Курманбеков.