Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-марты №66
2019-жылдан 2023 –жылга чейинки мезгилде Торкен айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы боюнча
“Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн программасы жөнүндө” 2019-жылдан 2023 –жылга чейинки мезгилде Торкен айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн программасы жөнүндө” 2019-жылдан 2023 –жылга чейинки мезгилде Торкен айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы боюнча программасы кабыл алсын.
2. Торкен айыл өкмөтүнүн аймагында 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетке кошумча булактарды таап киргизүү жана айылдардын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө салымдарды киргизүү жагы ФЭБ башчысына жана экономист-статист кызматкери С.Мурзакуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы кеңешинин Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |
2019-жылдан 2023- жылга чейинки мезгилде
Торкен айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы.
А.Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын X VII сессиясынын
№ 66- токтому менен бекитилди
2019-жылдын 07-марты
МАЗМУНУ
Кириш сөз
Торкен айыл аймагынын профайлы
Айыл аймагынын приоритеттүү багыттары:
Социалдык экономикалык багыты;
Айыл чарбасы, кайра иштетүү, өнөр-жай тармактарын өнүктүрүү, ирригация багыты.
1.3. Социалдык коммуналдык инфраструктура: таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду, көпүрөлөрдү , көчөлөрдү калыбына келтирүү багыты;
1.4. Электр энергия, байланыш, жана көчөлөрдү түнкү жарык менен камсыз кылуу багыты;
1.5. Калкты жумуш менен камсыз кылуу, аярлуу катмарларга жардам берүү багыты;
1.6. Мектепке чейин жана мектепте билим берүү багыты;
1.7. Жергиликтүү калктын ден соолугуна жана саламаттыгына сапаттуу кызмат кылуу;
1.8. Маданият жана спортту өнүктүрүү багыты;
1.9. Тазалык, көрктөндүрүү, экология жана туризм;
1.10. Инвестиция тартуу жана инвесторлор менен туруктуу кызматташууга жетишүү багыты.
Ресурстар
Процесстерди ишке ашыруудагы жетекчилик
SWOT – анализ
Мониторинг жасоо жана баалоо
Жыйынтык
Тиркеме№1. Торкен айыл өкмөтүндө ишке ашырылган долбоорлор боюнча маалымат 2007- 2015- жылдарга карата.
Тиркеме №2 Социалдык инфраструктурасынын колдо болгон обьектилери боюнча маалымат
Тиркеме №3. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2023жылдарга карата инвестициялык план
КИРИШҮҮ
Торкен айылдык аймагынын өнүгүү стратегиясы айыл аймагыбыздын өнүгүүнүн багыты болуп эсептелет, ага жетүүнүн жолдору айылдарда түзүлүп сурамжыланган фокус топтор тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелерди чечүү багытында бир канча иш- чараларды аткаруу аркылуу аныкталды. Бардык аныкталган көйгөйлөр коомчулуктун ар бир мүчөлөрүн камтыган айылдарда өткөрүлгөн жыйындарда, элдин чогулуштарында талкууланып жана тастыкталып, айылдык Кенештин сессиясында бекитилди.
Стратегиялык пландаштыруу – коомчулук тарабынан жасалган аракеттердин жана чечимдердин жыйындысы, алар спецификалык стратегиялардын, б.а. миссияны аткаруу жана ага жетишүүнүн узак убактылуу максаттарын камсыз кылуу үчүн арналган деталдык, ар тараптуу, комплекстик пландарды иштеп чыгууга алып барат. Жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жашоо шарты үчүн коомчулуктун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жана инвестиция тартуу аркылуу бардык тийешелүү шарттарды түзүп берүү менен жашоо деңгээлин жогорулатуу.
Айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү бул - социалдык –экономикалык өнүгүүсү, азыркы муундун жана келечектеги муундун өнүккөн абалдагы, бардык шарттары бар жашоо турмушу. Муну менен бирге курчап турган чөйрөнүн сактоо менен мыйзамдарды, үрп-адат, салттарды ыйман талаптарына ылайык коопсуз коомдук мамилени орнотуу. Ошондуктан жаңы кырдаалды баалап алдыга туруктуу өнүгүү максатында аймактагы калктын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган программа даярдалуусу зарыл. Ошондой эле, жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн жеке кичи ишканаларды, айыл аймагында кызмат кылуучу муниципалдык ишканаларды ачуу, эл аралык долбоорлор менен кызматташууга мүмкүнчүлүктөр ачып берет.
КӨРҮНҮШ. Торкен айыл аймагынын келечектеги элеси - социалдык инфраструктурасы, экономикасы, айыл чарбасы жана руханий, маданий турмушу өнүккөн айыл аймагы . Ар бир тармака токтолсок, билим берүү мекемелери бардык шарттарды камтыган типтүү имараттарда кесипкөй мугалимдердин окутуунун жаны методикасын колдонуу менен, ата-энелердин интернет байланыштагы көзөмөлүндө иш алып барат. Саламаттыкты сактоо мекемелери типтүү имараттарда жаны технологияларды колдонуу менен билимдүү, кесипкөй адистердин кызматын пайдаланышат. Маданият, спорт тармагында элдин руханий маданий байлыгын көтөрүп маданий иш чаралар калктын бардык муундарына каада-салт, үрп-адат, оюн-зоок, спорттук иш чараларын уюштуруп орто жана жаш муундар сергек жашоо образында тарбияланышат. Айыл аймагында калкты коммуналдык, ирригациялык жактан тейлеген бардык ресурстары бар муниципалдык ишканалар тейлешет. Калкка бул ишканалар өздөрүнүн ак ниет кызматы менен ишеничке киришип алакалары бекемделген. Тазалык, сугат, таза суу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү, ички жолдор жана көпүрөлөр муниципалдык ишканалар аркылуу тейленип жергиликтүү аткаруу бийлигине женилдик алып келет. Айыл чарбасы- айылда негизги тармак болуп эсептелинип, мал чарбасында малдарга бардык түрү идентификациядан өткөн жана ветеринардык кызмат өз ишин жеткиликтүү аткарат. Мунун эсебинен эт продукциясы чет өлкөгө экспорттолот. Дыйканчылыкта заманбап ирригациялык системалар муниципалдык ишканалар аркылуу жүргүзүлүп , дыйкандар продукцияларын өндүрүүдө эч тоскоолдук жок. Өнөр жайында кичи, орто кайра иштетүүчү ишканалар мал чарбасынын жана дыйканчылыктан алган продукцияларды жеринде кайра иштетип чет өлкөгө экспорттошот. Жергиликтүү туз өндүрүүчү ишкана жергиликтүү бюджетке салымын эле кошпостон калктын социалдык обьектилерин, калктын аярлуу тобун каржылоого жетишкен. Айыл аймагынын бюджети мамлекеттен эмес толук жергиликтүү бюджеттен каржылоого өткөн. Жогорудагы тармактардын өнүгүшү менен жергиликтүү калк жумуш менен 90%камсыз болуп, билимдүү, бай турмушта жашоо шарттары өсүп, маданияттуулукка жетишкен. Айылдык аймактын жаштары ден соолугу чың жана таза сергек жашоо менен туура, адеп ахлактын негизинде патриоттуулука тарбияланып, өлкөбүздун маданий - социалдык-экономикасынын өсүп өнүгүүсүнө салымын кошууга ниеттенишет.
|
1.1. Жалпы күндөлүк жагдайлар, проблемалар.
Калктын жашоосунун деңгээли түздөн – түз экономикалык жетишкендиктерге жана аныкталган кирешенин алкагындагы материалдык керектөө мүмкүнчүлүгүнүн ченемине байланыштуу.
Торкен айыл аймагында калктын басымдуу көпчүлүгү айыл чарбасына багытталган. Мал чарбасында малды багып өстүрүп, аны сатуу менен гана чектелген. Дыйканчылыкта дагы ушул көйгөй. Дыйканчылыктын түйшүгү мал чарбасына караганда көбүрөөк болгондуктан, бул багытта тобокелчилик дагы жогору. Айыл чарбасынын инфраструктурасынын начар өнүккөндүгүнөн, жерди туура эмес пайдалангандыктан, капиталдык каржылоонун аздыгынан, айылчарбасынын өндүрүмдүлүгүнүн төмөндүгүнөн, маркетингдин жана продукция сатуунун начардыгынан бул өндүрүштүн экономикага болгон таасирдүүлүгү аз болууда. Кичи жана орто кайра иштетүүчү цехтерди ачып калкты жумуш менен камсыз кыла турган дагы жана өздөрү өндүргөн чийки продукцияны кайра өндүрүп сатып кирешени көбөйтүү үстүндө иштөө менен айыл чарбасынын багытын ондоо керек.
Билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоо системаларынын ахыбалы , республикалык дагы жергиликтүү бюджеттен дагы аз каржыланып толук кандуу иш алып барылбай келет. Мектептерди салуу, капиталдык ремонттон өткөрүү, жогорку квалификациядагы педагог адистери менен толуктоо, окуу китептери жана окуу куралдары менен камсыздоо, компьютерлер менен камсыздандыруу, ден-соолукту коргоочу жайлардын кызмат көрсөтүү сапатынын өрчүтүү, СВА жана ФАПтардын иштешин камсыз кылуу, медициналык жабдыктар менен камсыздандыруу көйгөйлөрүн чечүү, экономиканын өсүшү менен бирге айыл аймагынын калкынын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Айыл аймагында коммуналдык, ирригациялык тармакта өз алдынчалуулук, башаламан, системасыз иш жүргүзүлгөндүктөн, жергиликтүү аткаруу бийлигине көбүрөөк жумуш артып, калк тарабынан жоопкерчилик жок. Мунун себебинен таштандылар чыгарылбайт, жолдор бат, баттан бузулат, таза суу жаны конуштарга жеткирилбей жолго коюлбаган, сугат системасында каналдар жыл сайын дыйкандар тарабынан гана тазаланат, сугат иштери мурап менен дыйкандын гана ортосунда гана жүргүзүлгөндүктөн системалуу эч кандай өзгөрүү жок, суугат суусу жетишпеген бойдон калууда. Эгерде ар бир тармакта муниципалдык ишканаларды уюштуруп ишин системалаштырсак жогорудагы көйгөйлөр жолго салынмак.
1.2.Максаты
Стратегиялык максатты ишке ашыруунун башкы маселеси болуп :
Айыл аймакта негизги тармак болуп эсептелинген айыл чарбасында конкреттүү иштерди алып барыш керек.
-Мал чарбачылыгында малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын уюштуруу программаларын тезинен аякташ керек. Ветеринардык адистерди окутуу менен малдарды багуунун оптималдуу жолдорун малчылар арасында окутуп жайылтуу, асыл тукум малдарды, анын ичинен эт, сүт, жүн, кымыздын продукцияларын аз каражат жумшап, сапаттуу өндүрүп алуу.
-Дыйканчылыкта тоют өсүмдүктөрүнүн жана дан өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүм бере турган сорттору, жашылча, бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүү сорттору менен камсыз кылуу. Айыл чарба техникасы менен жабдуу, жер иштетүүнү жакшыртуу менен агрардык сектордун ишин кеңейтүү, же болбосо ирилештирүү. Ирригациялык жана дренаждык системаларды ишке киргизүү үчүн муниципалдык ишканаларды уюштуруу менен дыйкандар менен тыгыз байланышта иштөө, өздөштүрүлбөгөн жерлерди өздөштүрүү, ал жерлерге бак тигүү менен багбанчылыктын оптималдуу ыкмаларын колдонуу.
-Жаңы жумуш ордун камсыздандыруунун эсебинен жакырчылыктын деңгээлин жоюу, адам ресурстарын эффективдүү колдонуу. Жаны жумуш орундары ошол эле кичи жана орто ишканаларды инвестиция жолу менен тартып уюштуруу менен түзсөк болот.
-Айыл окмотунун экономикалык өнүгүшүнүн көтөрүү, туризмди өнүктүрүү.
-Кызмат көрсөтүү инновациялык усулдарын колдонуу;
-Айыл аймагы стратегиялык өнүгүү планын жана анда белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашырууда иш аракеттерди жасайт.
-Мониторингдин жыйынтыгы менен кабыл алынган стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтуу калктын суроо мүдөөсүн канааттандырган сапаттуу кызмат көрсөтөт;
-Аймактын келечек өнүгүүсүн калк менен аныктап, аларды аткарууга мобилизациялайт.
-Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү элдин кызыкчылыгына натыйжалуу пайдаланууну уюштура алат.
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өнүгүү планын аткаруу боюнча жарандык коом менен биргеликте инвестиция тартууга багытталган иш жүргүзөт;
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ачык айкындуулук процедураларды сактайт.
2. Торкен айыл аймагынын профайлы
Географиялык абалы
Торкен айыл аймагы райондун борборунан 18 км, облустун борборунан 270км алыстыкта жайгашып, Бишкек-Ош жолу айыл аймактын дал ортосунан аралап өтөт. Торкен айыл аймагы түндүк жагынан Бел-Алды айыл аймагы менен, түштүк тарабынан Токтогул суу сактагычы менен, батыштан Жаны-Жол айыл аймагы менен чыгышынан Нарын дарыясы менен чектешет. Торкен айыл аймагына караштуу жерлердин дээрлик көпчүлүгү ак топурактуу келип, жакынкы жайыттардын бөксө тоолуу дыйканчылыка ылайыктуу жерлери кара топурактуу, тоолуу аймака кирет.Дениз денгээлинен 900-1300 метр бийиктикте жайгашкан.
2.1.2. Калктын саны 10788 үй бүлөлүк чарбанын саны 2121
2.1.3.Социалдык –экономикалык, демографиялык абалы жана корсоткучтору:
Административдик-территориялык бөлүнүшү,
2. Айыл аймак 3 административдик айылдан турат. 3.Айыл аймактын жалпы териториясы 92550м2, же 72679 га
4. Айыл аймакта туруктуу жашаган калктын саны
№ | Айылдар | Калкынын саны | Кожолуктун саны |
1 | Торкен | 5910 | 1204 |
2 | Көтөрмө | 1745 | 335 |
3 | Кара-Жыгач | 3133 | 582 |
| Жыйынтыгы | 10788 | 2121 |