Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-февралы № 14-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жана 2019-жылга иш планы жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2 жана 6-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берилген маалымат жактырылсын (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезектеги он
төртүнчү сессиясынын 2019-жылдын 9-
февралындагы № 14-1 токтомуна тиркеме
2018-жыл Республикабызда “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгынын күбөсү болуп жатасыздар. Ошондой эле өлкөбүздө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы, Ноокат районубуздун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы майрамдалды.
Республикабыздагы жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштер катарында биздин айыл аймагыбызда алдыга койгон жылдык иш-пландарыбызды толугу менен аткардык. Атап айтканда айыл өкмөтүбүздүн тармактары боюнча белгилей кетсек:
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда көптөгөн иштер аткарылды. Атап айтсак:
2018-жылга бекитилген бюджеттин киреше жагы жалпысы 12044,8 миң сомду түзгөн болсо, аткарылганы 12966,3 миң сомду тузуп, план 107,7 % аткарылды.
Милдеттүү патент 97,0 миң сомго план бекитилип 76,8 миң сомго же болбосо 79,2 % аткарылды.
Киреше салыгы 3800,0 миң сомго пландаштырылып, 3668,8 миң сомго аткарылып 96,5 % түздү.
Ыктыярдуу патент 832,0 миң сомго пландаштырылып, 1067,7 миң сомго аткарылып 128,3 % түздү.
Транспорт салыгы 1550,0 миң сомго пландаштырылып, 1687,8 миң сомго аткарылып 108,9 % түздү.
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 491,8 миң сомго пландаштырылып, аткарылганы 829,8 миң сом болуп 168,7 % түздү.
Там арка салыгы 361,0 миң сомго пландаштырылып, аткарылганы 444,2 миң сом болуп 123,0 % түздү.
КБФ нын ижара акысы 571,7 миң сомго пландаштырылып, 610,2 миң сомго аткарылып 106,7 % түздү.
Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык 234,0 миң сомго пландаштырылып, 321,7 миң сомго аткарылып 137,5 % түздү.
2018-жыл ичинде социалдык тармактагы аткарылган иштер тууралуу маалымат
Билим берүү тармагында:
Айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде 2017-2018-окуу жылында 313 мугалим 3284 окуучуга билим-тарбия беришти. Алардын ичинен 285 окуучу 9-классты, 204 окуучу 11-классты бүтүрүштү.
2018-2019-окуу жылына карата айыл аймагындагы 8 жалпы билим берүүчү мектептердеги аз камсыз болгон,колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 100 окуучуга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүү миң) сом (ар бирине 500 сомдон) жардам берилди. “Мугалимдерин кесиптик күнүнө” карата 8 мектептин, 7 балдар бакчасынын жамааттарына 10000 (он миң) сом сыйлык берилди.
Окуу жылы ичинде областтык олимпиадага А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынан 6, Т.Темиралиев атындагы орто мектебинен 1, Борко лицейинен 1 окуучу (жалпысы 8 окуучу) катышты.
Республикалык олимпиадага Борко лицейинин 11-классынын окуучусу Абыт кызы Элиза (мугалими Жунусова Манзура) химия сабагынан, А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынан Камалиддин уулу Абдулкуддус (10-кл. физика сабагы ) катышып келишти, бирок байгелүү орунду камсыз кыла алышпады.
2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен Акыркы коңгуроо салтанатында 10 мугалим, 1 окуучу айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланышты.
Акыркы коңгуроо жана бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын тапшыруу салтанаттары мыйзам чегинде өткөрүлдү.
2018-2019-окуу жылында 308 мугалим, 3176 окуучуга билим берип жатышат.
Окуу жылынын башталышында Тажибай атындагы орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары Мерсико уюму тарабынан ысык тамак бериле баштады.
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин 2017-2018-окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыгы
№ | Мектептин аталышы | бүтүрүү- чүлөрдүн жалпы саны | А.и. ЖТРге кат. | 110 баллдан жог. | Мектеп боюнча эң жогорку балл | Мектеп боюнча орточо балл |
1 | А.Парпиев ат.мект.гимн. | 22 | 22 | 19 | 201-Патийдин к.Сайкал | 153,5 |
2 | Борко лицейи | 29 | 29 | 22 | 196-Абыт к. Элиза | 133,3 |
3 | С.Токторов ат.орт.мек. | 44 | 30 | 18 | 182-Насирова Гүлдана | 120 |
4 | Тажибай ат.орто мект. | 35 | 34 | 21 | 180-Нуралиева Элина | 122 |
5 | К.Каримов ат.орто мек. | 28 | 17 | 4 | 150 | 100 |
6 | Т.Темиралиев ат.ор. мек | 40 | 32 | 6 | 132 | 101 |
7 | Курак-Тектир орто мек. | 6 | 6 | 1 | 135 | 97 |
| Айыл аймагы боюнча: | 204 | 170 | 91 | х | 118,1 |