Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-сентябры №2
Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү жер комиссиясынын курмын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.06.2007-жыл № 243- токтому менен бекитилген «Айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби» тууралуу типтуу жобонун 22-пунктун жетекчиликке алып, Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Арал айыл аймагындагы мамлекетик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга тузулгон келечек планы бекитилсин. Тиркеме № 1
2. Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун бош жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме № 2
3. Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун бош жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин регламенти бекитилсин. Тиркеме № 3
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арал айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Мустапакулов
|
Бекитемин
Арал айылдык кеңештин төрагасы
А.Мустапакулов ______________
Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХIХ –сессиясы №2 токтомунун № 1 тиркеме:
Жалалабат облусунун Ноокен районундагы Арал айыл өкмөтү 1996- жылы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Жалал- Абад областтык башкармасынан 1997- жылдын 29- январында катоодон өткөн.
ИНН № 02901199710270.
Код ОКПО № 04507807
Айыл өкмөтүн аймагында 5- калк конуш жайгашкан; Арал, Интернационал, Чертексай, Черемушка, Рассвет. Интернационал айылы айыл өкмөттүн борбордук чарбагы болуп эсептелет.Борбордук чарбактан Ноокен районуна чейин 12 км, облустун борбору Жалал Абад шаарына чейин 45 км. Айыл өкмөттүн калкынын саны 2019- жылдын 1-январына карата 6754 адамды же 1095 үйбүлөнү түзөт. Арал айыл аймагында төмөнкүлөр иштейт.
-2 мамлекеттик толук орто мектеп 1 мамлекеттик толук эмес орто мектеп 3 балдар бакчасы. – 1 айылдык амбулатория, 2 дарыкана, 1 ветлечебница, 1 Маданият үйү, 1 китепкана . – 3 тегирмен 1 АЗС, 1 коомдук мончо.
Ошондой эле айыл өкмөтүн аймагында төмөнкүлөр бар 3 менчик үрөнчүлүк чарба, 2 менчик асыл тукум чарба, 7 коллективдик чарба, 55 жеке кожо. 2 пахта тазалоочу жана 1 ташкесүүчу жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) иш жүргүзүшөт. Айыл өкмөттүн эканомикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк пахта, жүгөрү, күздүк буудай, күнкарама,коон, дарбыз ошондой эле жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө негизделген. Мөмө-жемиштерден алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, кокон гилас өсөт. Мал чарбачылыкта майда жана ири мүйүздүү мал басымдуулук кылат.
Айыл өкмөттүн аймагы Кара – Үңкүр дарыясынын эки тарапка бөлүнүп аккан нугунун ортосунда жайгашкан жана Фергана өрөөнүнө тиешелүү болуп эсептелет.Бул аймак деңиз деңгээлинен 560- 630 метр бийиктикте жайгашкан жана рельефи жалпы түштүк батышты карай 0,01 жантайыңкы келет.Эрозиялык кубулуштардан улам кыртыштын күрдүү катмарын суу жууп кеткени байкалат.
Чополуу жана кумдуу кошумчалары менен түрдүү кубаттагы пролювиалдык –аллювиалдык майда кумдуу- таштуу катмарлар кыртыш түзүүчү тектер болуп эсептелет. Айыл өкмөттө кыртыштын бир эле тиби типтүү боз топурак басымдуулук кылат, бул топурак калыптанган механикалык курамына, жайгашкан тереңдигине, таштактыгына жараша ар кандай кыртыштарды түзүп турат.
Негизги суу булагы ; Кара-Уңкүр сай жана Шайдан дарыясы, Карадарыя каналы.Жайында айдоо жерлерди сугарыш үчүн каналдарга бөлүнүп, дарыяда суу жок калат.Дарыядагы суу күз, кыш мезгилдеринде жана жазында суу кирген убакта гана болот.Жер алдындагы суулар 80- 120 метр тереңдикте жайгашып, кыртыш түзүүгө тасир этпейт.Жайкысын чарбалар үчүн сугат суу абдан таңкыс. Аймактын климаты кургак, континенталдуу, жайкысын жамгыр жаабай, ысык, жазгысын жана күзүндө нымдуу, кышында суук. Июлдагы орточо температура +30,3 С. Жылдык жаан-чачындын орточо көлөмү – 461 мм, эң азы август жана сентябрь айларына туура келет.
I Бөлүм. Арал айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы
Азыркы мезгилде айыл өкмөттүн аймагында 4089 га жер бар.Анын ичинен айыл чарба багытындагы жерлер 2026 га,калктуу конуш 242 га, жайыт 217 га, мелиоративдик даярдыктагы жер 514 га, бадал 4 га жана башка жерлер 1086.
1. АКФнын жерлеринин курамы. Арал айыл өкмөтүнүн АКФсынын жерлеринин жалпы аянты 655 га сугат айдоо жер.
2. АКФнын жерлерин пайдалануу.
2012-жылы АКФнын 655 га жерлери 2019 жылга чейин ижарага берилген.
Айыл өкмөтүндө АКФнын жерлерин ижарага берүү аукцион,конкурс өткөрүү жана түз берүү жолдору менен ишке ашырылып келет.
Түз берүү аркылуу Арал айыл аймагындагы аз камсыз болгон уй- бүлөөлөргө жана жарандар, социалдык багыттагы субьектилер, мамлекеттик асыл тукум,үрөөнчүлүк, тажрыйба – селекциялык жана эксперименттик чарбаларга ижарага берилет.
Арал айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй- бүлөөлөргө жана жарандарга,социалдык багыттагы субьектилерге, мамлекеттик фондунун экономикалык жактан кызыктырган жерлерден жалпысы 20 % - 130,65 га жер аянты ижарага түз берилет.
Арал айыл аймагынын калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн резервке коюлган мелиоративдик жер участкаларынан № 197 контурунан 15,0 га жертилкеси жана № 5 контурдун ылдый жагынан 20,0 га жертилкелери калтырылган. Эскертүү ; Кыргыз Республикасынын 2009- жылдын 31- июлундагы № 257 сандуу «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) маратория киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык аталган жер аянтары клктуу конуштарга которулбайт (трансформацияланбайт).
АКФнын жерлеринин ижарачыларынын саны -233 субьект.Анын ичинен 3- үрөнчүлүк чарба жана 120 жеке жак. Ижара мөөнөтү төмөнкүдөй.
2012 жылы 7 жылдык мөнөт менен 233 ижарачыларга ижарага берилген.
2012 жылы 53 келишим аукцион аркылуу ижара укугун алышкан.
2015 жылы конкурс өткөрүлүп 28 ижарачылар ижара укугун алган.
2016 жылы 5 жылдык мөнөт менен 16 ижарачыга 2021 жылга чейин ижарага берилген.
2016 жылы конкурс өткөрүлүп 11 ижарачы менен 2021 жылга чейин келишим түзүлгөн.
2019- жылга Келечек план түзүлгөн күнгө карата Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануучулардын тизмеси
Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине Арал айыл өкмөтү тарабынан аткарылуучу иш чаралар
Арал участогу
№ 134 контурунан.Аянты 32,60 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019-жылы мөнөтү бүтөт, 3,0 га жертилкеси түз берүү жолу менен берилген. (Мектептин асты)
№ 140 контурунан.Аянты 25,1 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019-жылы мөнөтү бүтөт, 5,0 га жер тилкеси түз берүү жолу менен берилген. (Ылдый жагы)
№ 143 контурунан. Аянты 6,30 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 - жылы мөнөтү бүтөт.(Жамбаш жагы
№ 135 контурунан.Аянты 9,70 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.(Терек зар)
№ 426 контурунан.Аянты 10,80 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.( Жогорку мааланын ичи)
Конкурс аркылуу берилүчү контурлар
№ 150 контурунан. Аянты 42,60 га Фархад ,Адыл.
№ 153 контурунан. Аянты 31,1 га Береке кылым.
Чертек – Сай. участогу
№ 131 контурунан.Аянты 23,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.(весавойдун үстү)
№ 96 контурунан.Аянты 6,80 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (маланын асты Чертек- Сай). № 127 контурунан.Аянты 29,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Калмамат).
Конкурс аркылуу берилүчү контурлар
№ 130 контурунан.Аянты 42,60 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.8,5 га жертилкеси элге түз берилген.
(Калмаматын этеги).
№ 22 контурунан.Аянты 40,30 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Аширдин жерин этеги). 4,0 га жер тилкеси түз берилген.
№ 16 контурунан.Аянты 39,1 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Аширдин жамбашы)
Черемушка участогу.
№ 33 контурунан.Аянты 18,90 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Мечиттин асты)
№ 62 контурунан.Аянты 25,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт. 9,0 га жер тилкеси аукцион аркылу берилген. (Жанардын картасы )
№ 64 контурунан.Аянты 32,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Раим) 10,0 га жер тилкеси аукцион аркылу берилген.
Конкурс аркылу берилүүчү контурлар.
№ 6 контурунан.Аянты 21.60 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 58 контурунан.Аянты 6,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Жолдун бою)
№ 58 контурунан.Аянты 12,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Казим)
№64 контурунан.Аянты 6,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
Орто-Сай участкасы.
№ 1 контурунан.Аянты 22,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Даниярдын жери)
Конкурс аркылу берилүүчү контурлар
№ 5 контурунан.Аянты 40,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Адыл кафесинин асты таштак жерлер)
№ 19 контурунан.Аянты 7,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 17 контурунан .Аянты 17 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
Кең- Сай участогу.
№ 7 контурунан.Аянты 7,5 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 16 контурунан.Аянты 8,30 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 17 контурунан.Аянты 21,40 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 18 контурунан.Аянты 22,20 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 19 контурунан.Аянты 6,70 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 20 контурунан.Аянты 6,70 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
Конкурс аркылу берилүүчү контурлар
№ 2 контурунан.Аянты 11,20 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2021 жылы мөнөтү бүтөт
№ 3 контурунан.Аянты 16,80 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2021 жылы мөнөтү бүтөт
№ | Контур № | Жер аянты,га | Жердин турлөрү |
|
1 | № 426 | 10,80 | Сугат айдоо | . |
2 | № 135 | 9,70 | Сугат айдоо |
|
3 | № 134 | 32,60 | Сугат айдоо |
|
4 | № 140 | 25,10 | Сугат айдоо |
|
5 | № 143 | 6,30 | Сугат айдоо |
|
6 | № 153 | 31,10 | Сугат айдоо |
|
7 | № 150 | 42,60 | Сугат айдоо |
|
8 | № 64 | 38,0 | Сугат айдоо |
|
9 | № 131 | 23,0 | Сугат айдоо |
|
10 | № 96 | 6,80 | Сугат айдоо |
|
11 | № 127 | 29,0 | Сугат айдоо |
|
12 | № 130 | 40,70 | Сугат айдоо |
|
13 | № 111 | 5,60 | Сугат айдоо |
|
14 | № 22 | 40,30 | Сугат айдоо |
|
15 | № 16 | 39,10 | Сугат айдоо |
|
16 | № 33 | 18.90 | Сугат айдоо |
|
17 | № 58 | 18,0 | Сугат айдоо |
|
18 | № 62 | 26,0 | Сугат айдоо |
|
19 | № 19 | 5,0 | Сугат айдоо |
|
20 | № 6 | 21,60 | Сугат айдоо |
|
| Орто-Сай |
| ||
21 | № 22 | 22,10 | Сугат айдоо |
|
22 | № 5 | 40,0 | Сугат айдоо |
|
23 | № 19 | 7,0 | Сугат айдоо |
|
24 | № 17 | 14,40 | Сугат айдоо |
|
Кең-Сай |
| |||
25 | № 7 | 7,50 | Сугат айдоо |
|
26 | № 17 | 21,40 | Сугат айдоо |
|
27 | № 18 | 22,20 | Сугат айдоо |
|
28 | № 16 | 8,30 | Сугат айдоо |
|
29 | № 19 | 6,70 | Сугат айдоо |
|
30 | № 20 | 6,70 | Сугат айдоо |
|
31 | № 2 | 14,0 | Сугат айдоо |
|
32 | № 3 | 16,80 | Сугат айдоо |
|
Баардыгы | 655 |
|