Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 3
Калкты муниципалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу, айылдарды, көчөлөрдү, мекеме, ишканаларды, коомдук жайларды санитардык жактан тазалоо, жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу максатында Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн алдындагы жаңы түзүлүп жаткан “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун массалык маалымат булактарына жарыяланышы жана юстиция министирлигинен каттоодон өткөрүү иштери Достук айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө иши Достук айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага | Э. Мансиркулов
|
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын
Достук айылдык кеңешинин
кезектеги XXIII сессиясынын
№ 1 токтомуна тиркеме
Жалпы жобо
1.1. “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын өз алдынча эсеби бар, муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери – айыл өкмөтүндө жайгашкан айылдарды, көчөлөрдү, мекеме, ишканаларды, коомдук жайларды санитардык жактан тазалоо, жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу. Ишкананын аталышы: “Достук тазалык”,
- мамлекеттик тилде: “Достук тазалык” муниципалдык ишканасы, кыскартылып аталышы: МИ “Достук тазалык;
- расмий тилде: муниципальное предприятие “Достук тазалык”, кыскартылып аталышы: МП “Достук тазалык” .
1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормативдик - укуктук актыларынын негизинде жана белгиленген тартипте Уставына ылайык иш алып барат.
1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат, анын иш жүргүзүүгө, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы жана өзүнүн бланкасы болуусу керек.
1.5. Муниципалдык ишкана түзүүчүсү болуп Достук айыл өкмөтү саналат.
1.6. Достук айыл өкмөтү муниципалдык ишкананын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле муниципалдык ишкана Достук айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.