Редакцияот 28.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму

 

2019-жылдын 28-августу № 19/2

Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жана титулдук тизмеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 6-августундагы №10 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №8 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 1-тиркемеге ылайык шаардык кеңешке 4,2 миң сом, шаардык мэрияга 140,0 миң сом, МММБ департаментине 1476,0 миң сом, Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына 338,5 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.

2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен аткарылуучу иштердин кошумча титулдук тизмеси 2-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. Өзгөн шаарында 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштер 4-тиркемедеги иштерге ылайык багытын өзгөртүп каржылоого макулдук берилсин.

4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Джалилов.

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын

28 -августундагы кезектеги XIX

сессиясынын 19/2 токтомунун

1-тиркемеси

 

2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Өзгөн шаарынын бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган кошумча каражаттардын тизмеси

 

№

Аталышы

Керектелүүчү каражат

(сом)

 

1

 

Шаардык кеңешке (эмгек акы, соцфонд)

 

4200

 

2

 

Шаардык мэрияга

 

140000

 

3

 

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине

 

1476000

 

4

 

Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына

 

338500

 

 

Баардыгы:

 

1958700

Төрага:

А. Джалилов.

Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын

28 - августундагы кезектеги XIX сессиясынын 19/2 токтомунун

2-тиркемеси

Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш деңгээлин оңдоо максатында 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган иштердин кошумча титулдук тизмеси

№

Аткарылуучу жумуштардын аталышы

Жалпы керектелүүчү каражат

Кайсыл ишкана аркылуу аткарылат

1

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайын оңдоп-түзөөгө

120000

МММБ департаменти

2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №690 токтомун аткарууга алуу максатында шаардын көчөлөрүнүн аталыштарын (аншлаг) жасатууга

100000

МММБ департаменти

3

Өзгөн шаарынын Манас, Мирзарахимов көчөлөрүн оймо-чиймелер менен көркөмдөп жарыктандырууга шаардын киребериштерди оңдоого

200000

МММБ департаменти

4

Өзгөн шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында, суу түтүкчөлөрүн сатып алууга

100000

МММБ департаменти

5

Өзгөн шаарынын Жаңы-Турмуш кварталынын Фархат көчөсүндөгү элди көчкү басып калуусун алдын алуу максатында, жарды техника мененалууга

180000

МММБ департаменти

6

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБдепартаментине иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир штаттык бирдигин кошуп берүүгө

54500

МММБ департаменти

7

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине кенже тейлөө кызматы үчүн бир штаттык бирдигин(МОП) кошуп берүүгө

40890

МММБ департаменти

8

Аткарылган соттук иштин мамлекеттик төлөмүнөн

9200

МММБ департаменти

9

Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана күз-кыш мезгилине даярданууга

671400

МММБ департаменти

 

Бардыгы

1475990

 

Төрага:

А. Джалилов.

Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28 –

 августундагы кезектеги XIX сессиясынын 19/2 токтомунун

3-тиркемеси

Өзгөн шаарынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган иштердин кошумча тизмеси

№

Аткарылуучу жумуштардын аталышы

Жалпы керектелүүчү каражат

Кайсыл ишкана аркылуу аткарылат

1

КР Президентинин «2019-жыл Регниондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жөнүндөгү « жарлыгын ишке ашыруу максатта мэрияга «Аймак маалыматтык башкаруу системасын орнотуу үчүн кошумча жаңы 2 даана комьпютер сатып алууга

60000

Шаар мэриясы

2

Өзгөн шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча саттук иштерге (госпошлина)

50000

Шаар мэриясы

3

Өзгөн шаардык кеңешинин эмгек акы сметасына

4200

Шаардык кеңеш

4

Мэрияга жана бирдиктүү терезе имаратына 2 кондиционер сатып алууга

30000

Шаар мэриясы

5

«Өзгөн Тазалык» көрктөдүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча муниципалдык ишканасына муниципалдык заказдар үчүн

338510

«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасы

 

 Бардыгы

482710