Редакцияот 19.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2018-жылдны 19 апрели №67-27

Муниципалдык менчик жөнүндө

Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Н.А.Кольбаевдин муниципалдык менчик объектилери жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 31-беренелеринин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилеринин тизмеси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аламүдүн айыл өкмөтү (Н.Кольбаев) муниципалдык менчик объектилерин мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко