КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги жыйырма экинчи сессиясынын жыйыны
2020-жылдын 13-марты № 22/2
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тапшырмаларды жана иш милдеттерди жүзөөгө ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруу тартибин, аныктоо менен башка маселелерди регламенттештирүү максатында Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилсин ( тиркеме тиркелет)
2. Бул типтүү регламентин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы: Т. Оморов
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги
жыйырма экинчи сессиясынын ( VI чакырылыш)
жыйналышынын 13.03.2020-жылдагы
№22/2 токтому менен бекитилген
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн
ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти
I Бөлүм. Жалпы жоболор IIБөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары III Бөлүм. Пландоо IVБөлүм. Айыл Өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары , кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө VII Бөлүм. Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу VIIIБөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери IXБөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-глава . Жалпы жоболор
1.1 Кашка-Жол айылдын аймагында Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Регламенти(мындан ары-Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт .
1.2. Регламент “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муницпалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” , “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин тектешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага , Кара-Кочкор айылдык аймагынын Кашка-Жол айылдык кенешинин 16-март 2020-жылдын №23/1 токтому менен бекитилген жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган .
1.3. Ушул Регламент айыл өкмөтүнүн иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды жөндөөчү негизги принциптерди жана эрежелерди , айыл өкмөтүнүн докменттер менен иштөө тартибин карайт , жарандардын кайрылууларын кароону , айыл өкмөтүнүн , айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана айыл өкмөтүнүн ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт .
1.4.Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттери чечүү айыл өкмөтүнүн аппаратынын , анын түзүмдөрүн, аймактык бөлүмдөрүрүнүн иштери , айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен , ошондой эле айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.
2-глава. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы принциптери
Айыл өкмөтүнүн иши төмөмөнкү принциптерге негизденет: 1) мыйзамдуулук жана социалдуулук адлетүүлүк; 2)жергиликтүү жамааттардын укутарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо; 3)муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүүлүгү ; 4)өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчилиги;
5) ачык- айкындык жана коомдук пикирди эске алуу;
6) тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик ;
7) жетекчи алмашканда компетенттүү кадырларды тандоодо жана сактоодо ыраттуу улануучулук.
3-глава . Айыл өкмөтүнүн штаттык саны 3.1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны 19 киши Кашка-Жол айылдык кеңешинин 07.09.2013-жыл № 5/4 токтомуна ылайык төмөнкүдөй :
Кызматтардын аталышы | Калктын санына жараша штаттык сан (миң адам) | |||||||
| 2ге чейин | 2ден 5ке чейин | 5тен 7ге чейин | 7ден 10го чейин | 10дон 15ге чейин | 15тен 20га чейин | 20дан 25ке чейин | 25тен жогору |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Башчынын орун басары | 0 | 0 | 0 | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жооптуу катчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Башкы адис | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 5 | 5 | 6 |
Жетектөөчү адис | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 5 | 6 | 6 |
Адис | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 4 | 4 |
Жыйынтыгы | 17 | 17 | 17 | 17 | 18 | 22 | 19 | 20 |
Техникалык жана тейлөөчү кызматкер |
|
|
|
|
|
|
|
|
ТТК | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 3 |
МТК | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жыйынтыгы | 19 | 19 | 19 | 19 | 20 | 25 | 23 | 24 |