Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
2018-жылдын 19-ноябры ПЖ № 232
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 1-августундагы ПЖ N 99 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.
Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.
Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.
Андыктан, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү.
Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 96 жарыяланды