Редакцияот 08.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 8-декабры ПЖ № 550

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин З-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 8-пунктунун 2-бөлүгүнө жана З-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1.                    Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна мурда жөнөтүлгөн Аматов Нурлан Тологонович каза болгондугуна байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2021-жылдын 8-ноябрынан тартып бошотулду деп эсептелсин.

2.                    Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров