Редакцияот 26.02.22
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 24-февралы ПЖ № 60

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12, 13-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларына квалификациялык класстар ыйгарылсын:

жогорку квалификациялык класс

Бобукеева Мээргул Рыскулбековнага - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;

биринчи квалификациялык класс

Шаршеналиев Жамил Асанбековичке - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;

бешинчи квалификациялык класс:

Мырзаканова Бермет Низамидиновнага - Ысык-Кол облустук сотунун судьясы;

Шанкаев Талгат Токтоназаровичке - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы;

Шералиев Саматбек Абдуллаевичке - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров