Редакцияот 02.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 22

 К.А.Дуйшеев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Дуйшеев Карыбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Н. Жапаров