Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 4-февралы №255/32-4

Токмок шаарынын 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө 

Токмок шаарынын мэриясынын катын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы тарабынан 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө берилген материалдарын карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеӊеш жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бекитилген планы боюнча алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алганда 104,7% га аткарылды же бекитилген план 258620,9 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 270664,5 миӊ сом же пландан ашыкча 12043,6 миӊ сом түшкөнүн белгилейт. Анын ичинде:

     - бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу 105,0% ды түзүп (такталган план 237613,0 миӊ сом, факт 249384,8 миӊ сом) же пландан ашыкча 11771,8 миӊ сом түшкөн.

     - атайын каражаттар боюнча 101,3% (такталган план 21007,9 миӊ сом, факт 21279,7 миӊ сом) же 271,8 миӊ сомго ашыра аткарылган.

     Белгилей кетүү керек, 2018-жылы бул ɵсүү кɵрсɵткүчү 118,4% ды түзгɵн же кирешелердин келип түшүүсүнүн кɵбɵйүүсү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы менен былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу киреше 42041,2 миӊ сомго кɵп чогулган (максаттуу трансферттерди эсепке алганда 2018-жылы 228623,3 миң сом түшкөн), ал эми келип түшкөн максаттуу трансферттерди эсепке албаганда өсүү темпи 128,9% ды түзгөн же жеке киреше салыгынан жергиликтүү бюджеттин пайдасына чегерүү ченемдеринин 50% дан 70% га чейин жогорулашына байланыштуу жана кирешелердин келип түшүүсүн көбөйтүү боюнча аткарылган иштердин жана ички резервдерди аныктоо боюнча башка чаралардын жыйынтыгында, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 53741,0 миң сомго көп түшкөн.

     Бул багытта жакшы көрсөткүчтөр киреше салыгы, төлөөчү салык агенти, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патент, короо-жай жана багбанчылык-огород жер тилкелерин пайдалануу үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы, сатуудан алынуучу салык, жердин ижарасы үчүн акы төлөө, жайларды ижарага алгандыгы үчүн төлөм боюнча болду.

     Объективдүү жана субъективдүү себептер менен, кирешелердин айрым түрлөрү боюнча план аткарылган эмес:

     - транспорт каражаттарынан салык – 95,7%, такталган планда 13990,0 миң сом суммасында, иш жүзүндө 13392,2 миң сом чогулган же 597,8 миң сомго аткарылган эмес, мында 2018-жылдын көрсөткүчүнө карата өсүү темпи 100,1% ды түзөт же 19,5 миң сомго көп чогулган;

     - сатуулардан алынуучу салык – 96,6%, такталган планда 23448,0 миң сом суммасында, иш жүзүндө 22649,6 миң сом чогулган же 798,4 миң сом түшпөй калган, мында 2018-жылдын көрсөткүчүнө карата өсүү темпи 105,0% ды түзөт же 1072,7 миң сомго көбүрөөк чогулган;

     Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-январына салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыгы 12803,8 миң сомду түздү же былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5657,0 миң сомго көбөйгөн (2019-жылдын 1-январына 7146,8 миң сом).

     Токмок ш. ММБ боюнча аткаруу 120,8% ды түздү же такталган планда 10035,0 миң сом, иш жүзүндө 12120,2 миң сом чогултулган, 2085,2 миң сомго ашыкча аткарылган.

     Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү максаттуу трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алганда 92,2% га аткарылды, такталган планда 266518,9 миң сом, иш жүзүндө 245689,9 миң сом сарпталган, алардын ичинен:

     - бюджеттик каражаттар 224567,3 миң суммасында чыгымдалган;

     - атайын каражаттар 21122,6 миң суммасында чыгымдалган.

     2020-жылдын 1-январына карата абал боюнча шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы алдын-ала маалыматтар менен караганда 8425,7 миң сом суммасын түздү, анын ичинде коммуналдык кызматтар боюнча – 4439,9 миң сом, “Имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча – 3008,5 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоого – 303,5 миң сом жана башка чыгымдарга – 673,8 миң сом.

     Мындан тышкары, калкка жылуулук энергиясын берүү үчүн “Токмок Жылуулук” МИнын алдында республикалык бюджеттин субсидиялар боюнча 13781,1 миӊ сом карызы бар. Жогорудагы айтылгандардын негизинде, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2019-жыл үчүн киреше бɵлүгү 270664,5 миң сом суммасында, алардын ичинен бюджеттик каражаттар - 249384,8 миң сом, атайын каражаттар - 21279,7 миң сом боюнча шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы эске алынсын (№1 тиркеме).

2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2019-жыл үчүн чыгаша бөлүгү боюнча бекитилсин (№2 тиркеме).

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.) шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын төлөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.

4. Токмок ш. боюнча МСКБнын башчысы тарабынан (Майтиков Т.К.):

- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча ай сайын пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылынсын;

- салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыкты кыскартуу үчүн ишти күчөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. А. Солтобаев

 

Токмок шаардык кеңешинин

2020-жылдын 4-февралынын

№ 255/32-4 токтомуна

№1 тиркеме

Токмок ш. жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн

2019-жыл үчүн аткарылышы

(миӊ сом)

Элемент (8)

Наименование

Бекитил- ген план

 КР ФМ такталган планы

Факт

Бекитилген пландын аткарылышы

Такталган пландын аткарылышы

%

Четт. (+,-)

%

Четт. (+,-)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы кирешелер жана расмий трансферттер

230861,6

258620,9

270664,5

117,2

39 802,9

104,7

12043,6

 

Жалпы кирешелер жана расмий трансферттер атайын каражаттарсыз (бюджеттик каражаттар)

208728,0

237613,0

249384,8

119,5

40 656,8

105,0

11771,8

 

Кирешелер+Активдер жана милдеттенмелер

230861,6

227820,9

239864,5

103,9

9002,9

105,3

12043,6

 

Кирешелер+Активдер жана милдеттенмелер (атайын каражаттарсыз)

208728,0

206813,0

218584,8

104,7

9856,8

105,7

11771,8

 

МСКнын кирешелери

207728,0

205778,0

216802,4

104,4

9074,4

105,4

11024,4

11

Салык кирешелери

198083,0

196133,0

205433,7

103,7

7350,7

104,7

9300,7

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

89 863,0

92 863,0

100209,2

111,5

10346,2

107,9

7346,2

11111200

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

 

-119,0

 

-119

 

-119,0

11121100

Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык

3 300,0

3 300,0

3754,7

113,8

454,7

113,8

454,7

11122100

Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык

3 705,0

3 805,0

4053,6

109,4

348,6

106,5

248,6

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

33 630,0

31 830,0

32863,2

97,7

-766,8

103,2

1 033,2

11311100

Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык

203,0

203,0

223,3

110,0

20,3

110,0

20,3

11311200

Ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ

10 737,2

10 737,2

11517,1

107,3

779,9

107,3

779,9

11311300

Ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ

201,0

201,0

270,4

134,5

69,4

134,5

69,4

113121

Унаа каражаттары үчүн салык

13 990,0

13 990,0

13392,1

95,7

-597,9

95,7

-597,9

11321100

Короо жай жана бак-огород жерлерин колдонуу үчүн жер салыгы

3 380,0

3 380,0

3854,2

114,0

474,2

114,0

474,2

11321200

Айыл чарба жерлерин колдонуу үчүн жер салыгы

100,8

100,8

213,5

211,8

112,7

211,8

112,7

11321300

Калк конуштарынын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы

13 400,0

11 400,0

11578,4

86,4

-1821,6

101,6

178,4

11412100

Сатыктан алынуучу салык

24 548,0

23 448,0

22649,6

92,3

-1898,4

96,6

-798,4

11462

Роялти

1 025,0

875,0

969,9

94,6

-55,1

110,8

94,9

11611200

Жергиликтүү бюджеттин башка салыктары жана жыйымдары

 

 

3,5

 

3,5

 

3,5

14

Салыктык эмес кирешелер

31778,6

30652,9

32648,4

102,7

869,8

106,5

1995,5

14151200

Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм

155,0

155,0

120,4

 

-34,6

 

-34,6

14152100

Жер ижарасы үчүн төлөм

6 200,0

6 200,0

7 320,4

118,1

1120,4

118,1

1120,4

14153200

Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм

2 100,0

2 100,0

2 308,5

109,9

208,5

109,9

208,5

14224200

Таштанды чыгаруу үчүн жыйым

490,0

490,0

506,2

103,3

16,2

103,3

16,2

14224300

Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым

700,0

700,0

708,9

101,3

8,9

101,3

8,9

1423

Төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр (атайын каржаттар)

22 133,6

21 007,9

21 279,7

96,1

-853,9

101,3

271,8

14511400

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегеримдер

 

 

2,7

 

 

 

2,7

3

Активдер жана милдеттенмелер

1000,0

1035,0

1782,4

178,2

782,4

172,2

747,4

314121

Айыл чарба эмес жерлерин сатуу

1 000,0

1 035,0

1 782,4

178,2

782,4

172,2

747,4

13

Алынган расмий трансферттер

0,0

30800,0

30800,0

 

30800,0

100,0

0,0

13321200

Максаттуу трансферттер

 

30800,0

30800,0

 

30800,0

100,0

0,0

Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

С.А.Кабаева

КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы

Г.Т.Жумалиева