Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №8-4
Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методологиясынын жобосун бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык аймагынын чегинде кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөөнү аныктоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методологиясы жөнүндө жобону карап жана талкуулап С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методологиясы жөнүндө жобо бекитилсин (жобо тиркелет).
2. С. Юсупова айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө ушул жобонун негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |
С. Юсупова айылдык кеңешинин
2019-жылдын 22-мартындагы 6-чакырык кезексиз
8-сессиясынын №8-4 токтому менен бекитилген.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методологиясы жөнүндө
ЖОБО
Ушул Жобо айылдык аймактын чегинде кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөөнүн тартибин аныктайт.
Тарифти эсептөө кызмат көрсөтүүлөрдүн нормативдерине, рентабелдүүлүктүн жеткен деңгээлин эсепке алуу менен адистештирилген уюмдун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша жүзөгө ашырылат.
Тарифти жергиликтүү кеңеш бекитет жана ал менчиктин бардык формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн бирдиктүү болуп эсептелинет.
Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер экономикалык жактан негизделген чыгымдарга (иш жүзүндөгү жана/же пландуу), ар бир субъект үчүн жекече аныкталган пайданын көлөмүнө жараша тармактын өзгөчөлүктөрүн жана салык мыйзамдарында каралган салыктарды эсепке алуу менен түзүлөт.
Тарифти бекитүүдө жергиликтүү кеңештин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүгө экономикалык жактан негизделген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздап берет.
Баа түзүү системасы кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү экономикалык жактан негизделген пайданы алуусун камсыздайт.
КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө баа (тариф) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:
Т = Н + Р + С, мында:
Т – КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө тариф
Н – кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы
Р – рентабелдүүлүк деңгээли боюнча кошумча нарк
С – салыктар
Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын эсептөөдө буга чейинки отчеттук мезгилдеги чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар, ишкананын техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү, уюмдун өндүрүш программасы жана финансылык планы колдонулат.
КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы 1-таблицада көрсөтүлгөн чыгымдардан түзүлөт.
1-таблица. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы.
№ | Чыгымдардын курамы |
1 | Чийки зат жана материалдар (Чийки заттын наркы) |
2 | Айдоочулардын жана жүк ташуучу өндүрүштүк персоналынын социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрүн кошкондо эмгек акы фонду (ЭАФ) (ЭАФнын наркы) |
3 | Атайын автомобилдер үчүн отунга кеткен чыгымдар (Отундун наркы); |
4 | Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга кеткен чыгымдар (Майлоочу м. наркы); |
5 | Атайын транспорттун ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар (РТТ наркы); |
6 | Амортизациялык чегерүүлөр (А.наркы); |
7 | Административдик чыгашалар (Адм. наркы); |
8 | Жалпы чарбалык чыгашалар (ЖЧ. наркы). |
Материалдык чыгымдар материалдардын чыгаша нормаларына жараша эсептелинет. Алар төмөнкүдөй негиздер боюнча белгиленет:
- кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча аныкталган технологиялык процесс боюнча чыгашалардын нормалары – эгерде нормативдер болбосо, анда чыгашалар хронометраждык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бекитилет[1].
Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен айдоочулардын жана жүк ташуучулардын ЭАФны эсептөө төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашат:
ЭАФ наркы = ∑ (ЭА наркы.р.i*N*n*) СоцК, мында:
ЭАФ наркы – айдоочулар жана жүк ташуучулар өндүрүштүк персоналынын ЭАФ
ЭА наркы.р.i – негизги өндүрүштө i-кесиби боюнча иштеген жумушчулардын эмгек акысы;
N – i-кесиби боюнча иштегендердин саны;
n – отчеттук мезгилде айлардын саны;
СоцК – социалдык камсыздандыруу коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
СоцК = 1+ С/100, мында
С – социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн %.
Ишкананын негизги жумушчуларынын жана калган кызматкерлеринин эмгек акысын түзүү тартибин кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн же анын уюмдаштыруучусунун атынан жумуш берүүчү аныктайт. Уюмдаштыруучу катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыккан кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү үчүн эмгек акыны түзүү тартибин ишкананын социалдык өнөктөштүк органы жөнгө салат.
Эмгек акыны эсептөө усулу коммуналдык чөйрөдөгү негизги кызматкерлердин тийиштүү тобу үчүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде эсептелинет.