КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 17 декабры № 01
Кара – Балта шаарынын 2020 – жылынын бюджетти жана Кара-Балта шаарынын 2021-2022 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Кара – Балта шаарынын шаардык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара – Балта шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн 2020 – жылынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн – 210419,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен: каражат бюджетти – 194339,5 миң сом, атайын шаардын каражаты – 16080,0 миң сом, №1 тиркеме ылайык.
2. Кара – Балта шаарынын 2021-2022 – жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу бекитилсин:
2021-жылга 225507,5 миң сом суммасында, жана 2022-жылга 233993,5 миң сом кирешелер жана чыгашалар боюнча божомолу, №2 жана №3 тиркемеге ылайык;
2021-2022-жылдарга бекитилген шаардык бюджеттин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алынганда такталууга тийиш.
3. № 4 жана № 5 тиркемелерине ылайык шаардын бюджетинин жана атайын эсеп боюнча бюджетинин 2020 – жылга чыгаша бөлүгү бекитилсин.
4. Шаардык бюджеттин 2020 – жылына чыгаша бөлүгүн каржылоо накталай келип түшкөн киреше бөлүгүнүн чегинде жүргүзүлүүсү белгиленсин, эң биринчи кезекте корголгон эсеп-чоттор (эмгек акы, стипендия, социалдык фондго төгүмдөр, тамак – аш жана коммуналдык чыгымдар).
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер үчүн каралган суммаларды кыскартууга жол берилет.
Каражаттарды сарптоо жана чыгымдардын беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык жетекчилерине жүктөлсүн.
5. 2019- жылы жетишсиз каржылоо 2020-жылы болжолдонгон тиешелүү бюджеттердин чегерүүсүнүн чегинде толтурулаарын белгилөө.
6. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилерине Кара—Балта шаардык кеңешине 164,0 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүү жактырылсын.
7. Шаардык бюджеттен бир күнгө тамак – аш нормативи бекитилсин:
Бакча топторго – 34 сом;
Башка топторго – 39 сом;
А.С. Макаренко атындагы №10 мектеп – гимназиясына – 105 сом.
8. “Манас” спорт топтому жана В.И. Ленина атындагы маданият үйү көрсөтүлгөн тейлөөдөн атайын эсепке түшкөн кирешелерди 60 % жумушчулардын эмгек акыларына колдонулусу, 40 % болсо ушул мекемелерге багытталуусу бекитилсин.
9. Шаардык Кеңештин аппаратына, мэриянын жана ММБнын кызматкерлерине 2015-жылдын 27-апрели № 258 Кыргыз Республикасынын “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык шаардык бюджеттен 30% өлчөмүндө төлөөлөр бөлүнүп берилсин.
10. 2016-жылдын 27-апрелинин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 6 пунктун 31 беренесинин, 2017-жылдын 01-мартынын № 131 4 пунктчасы 4 пунктунун Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Өкмөтүнүн Токтомуна, дагы 2015-жылдын 10-сентябрынын Кара-Балта шаардык кеӊешинин бекитилген Жобосуна ылайык айлык жөлөкпулдары беш миӊ сом өлчөмүндө, ийгиликтүү жана ак ниеттүү иштешине сыйлык беш айылык акысына чейин өлчөмүндө берилсин.
11. Шаардын мэринин резервдик фонду 1350.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана 10.09.2015-жылдын №4 Кара-Балта шаарынын Токтому менен бекитилген “Кара-Балта шаар мэринин резервдик фонд боюнча жобосу менен жыл ичинде акча каражаты бөлүп берүүгө шаар мэрине уруксат берилсин.
12. Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаарды көрктөндүрүү жана шаардын инфраструктурасын капиталдык оңдоо үчүн бөлүнгөн иштердин тизмесин жана каражаттын көлөмүн, №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. “Универсал” муниципалдык ишканасына шаарды көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн иштердин тизмеси жана каражаттын көлөмү бекитилсин №7 тиркемеге ылайык.
14. Муниципалдык менчиктештирүү башкармалыгына, “Универсал” муниципалдык ишканасына, Билим берүү финансы материалдык камсыздоо боюнча шаардык бөлүмүнө жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө товарларды сатып алууну, иштерди аткарууну, капиталдык оңдоодо жана тейлөөнү, андан тышкары менчике сатып аларда жана тамак-аш азыктарында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуу” мыйзамынын талабына ылайык уюштурулуп аткарылсын.
15. Структуралык бөлүмчөлөрдүн штаттык саны: Билим берүү финансы материалдык камсыздоо боюнча шаардык бөлүмү жана Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүзү кароо борбору “Алтын короз” бала бакчасында - 18 бирдик өлчөмүндө, Кара-Балта МФК - 55 бирдик өлчөмүндө, СК “Манас” -67 бирдик өлчөмүндө бекитилсин.
16. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы билим берүү финансы материалдык камсыздоо боюнча шаардык бөлүмү кызматтык айлык акыларынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айрым категорияларына 2015-жылдын 30 сентябрындагы №511 үчүн, эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Токтомунун 16- тиркемесине ылайык белгилөө, ошондой эле беш миң сом өлчөмүндө эмгек акыгы түрткү берүүчү бонусту белгилөө жана беш сыйлык. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуну №7 жана №14 –тиркемелерине ылайык “Алтын короз” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин алдындагы Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүзгү борборунун кызматкерлерине эмгек акы белгилөө.
17. Бюджеттик каражаттардын 01.01.2020-жылдагы калдыгы 1714,0 миң сом суммасында, №8 тиркемеге ылайык жөнөтүлсүн.
18. 01.01.2020 – жылга атайын эсеп боюнча эркин калган 154,8 миң сомду №9 - тиркемеге ылайык колдонулсун.
19. Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары үчүн келишимдик негизде айына 1500 сом өлчөмүндө төлөм белгиленсин.
20. Кара-Балта шаарынын мэриясы муниципалдык социалдык тапшырыкка 400,0 миң сом бөлсүн.
21. №10 тиркемеге ылайык, 01.01.2020-жылга карата дебитордук жана кредитордук карыздарды эске алыңыз.
22. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге казына тутумун айланып өтүп, атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда 100% атайын каражаттар тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
23. Кара-Балта шаарынын бюджетинен бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу пайдаланылбаган каражаттар тиешелүү бюджеттерге төлөтүүгө тийиштүү.
24. Каттоодон өткөрүп ушул жарлыкты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
25. Ушул токтомду аткаруу ишин Кара-Балта шаардык кеңешинин төрөгасына Аалыев А.А. жана Кара – Балта шаарынын мэрине Шакирбаев Д.Б. жүктөлсүн.
Таркатылсын: т/к., мэрияга, иш кагазына.
Төрага | А. Аалыев |
Тиркеме № 1
шаардык кеңешинин Токтомуна
2020-ж 1-декабры №01
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2020 – жылы
такталып жана кварталга бөлүнгөнү (миң сомдон)
| Кирешелер | Кара-Балта шаары | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
| Болжол | I квартал | II квартал | III квартал | IV квартал |
| Кирешелер + активдер жана милдетмелер (жерди сатуу) | 210419,5 | 52495,5 | 53484,9 | 57689,2 | 46749,9 |
1 | Кирешелер | 210309,5 | 52468,0 | 53457,4 | 57661,7 | 46722,4 |
11 | Салык кирешеси | 188824,5 | 47160,6 | 48148,2 | 52352,9 | 41162,8 |
111 | Кирешеге жана пайдага болгон салыктар | 175498,5 | 44463,2 | 44656,4 | 48973,9 | 37405,0 |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 106974,0 | 26014,2 | 27813,2 | 26743,3 | 26403,3 |
1112 | Атайын режимдер боюнча салык | 32267,5 | 7968,0 | 8383,5 | 8560,5 | 7355,5 |
11121 | Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр | 5230,0 | 1281,3 | 1255,3 | 1438,3 | 1255,1 |
11121100 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык | 5230,0 | 1281,3 | 1255,3 | 1438,3 | 1255,1 |
11122 | Патенттин негизинде салык | 27037,5 | 6686,7 | 7128,2 | 7122,2 | 6100,4 |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 3487,5 | 871,8 | 906,8 | 871,8 | 837,1 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 23550,0 | 5814,9 | 6221,4 | 6250,4 | 5263,3 |
113 | Менчикке салык | 36257,0 | 10481,0 | 8459,7 | 13670,1 | 3646,2 |
1131 | Мүлккө салык | 20720,0 | 5443,1 | 4575,4 | 8840,3 | 1861,2 |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 10590,0 | 3730,8 | 2647,5 | 2350,5 | 1861,2 |
11311100 | Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 90,0 | 27,0 | 22,5 | 40,5 | 0,0 |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 10150,0 | 3574,3 | 2537,5 | 2233,0 | 1805,2 |
11311300 | 3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 350,0 | 129,5 | 87,6 | 77,0 | 56,0 |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 10130,0 | 1712,3 | 1927,9 | 6489,8 | 0,0 |
113121 | Транспорттук каражаттарга салык | 10130,0 | 1712,3 | 1927,9 | 6489,8 | 0,0 |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорт каражатына салык | 2300,0 | 391,0 | 459,9 | 1449,1 | 0,0 |
11312120 | Жеке жактардын транспорт каражатына салык | 7830,0 | 1321,3 | 1468,0 | 5040,7 | 0,0 |
1132 | Жер салыгы | 15537,0 | 5037,9 | 3884,3 | 4829,8 | 1785,0 |
11321 | Жер салыгы | 15537,0 | 5037,9 | 3884,3 | 4829,8 | 1785,0 |
11321100 | Короо жанындагы жана бакчалар жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 3637,0 | 872,9 | 909,3 | 1854,8 | 0,0 |
11321300 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 11900,0 | 4165,0 | 2975,0 | 2975,0 | 1785,0 |
114 | Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар | 13326,0 | 2697,4 | 3491,8 | 3379,0 | 3757,8 |
1141 | Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жалпы салыктар | 12356,0 | 2519,8 | 3212,6 | 3126,0 | 3497,6 |
11412 | Сатуудан салык | 12356,0 | 2519,8 | 3212,6 | 3126,0 | 3497,6 |
11412100 | Сатуудан салык | 12356,0 | 2519,8 | 3212,6 | 3126,0 | 3497,6 |
1146 | Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык | 970,0 | 177,6 | 279,2 | 253,0 | 260,2 |
11462 | Роялти | 970,0 | 177,6 | 279,2 | 253,0 | 260,2 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 21485,0 | 5307,4 | 5309,2 | 5308,8 | 5559,6 |
1415 | Ижара акысы | 4735,0 | 953,4 | 1184,2 | 1183,8 | 1413,6 |
14151 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн акы | 45,0 | 15,4 | 11,7 | 11,3 | 6,6 |
14151200 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн акы | 45,0 | 15,4 | 11,7 | 11,3 | 6,6 |
14152 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу акысы | 4690,0 | 938,0 | 1172,5 | 1172,5 | 1407,0 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 4690,0 | 938,0 | 1172,5 | 1172,5 | 1407,0 |
142 | Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер | 16750,0 | 4354,0 | 4125,0 | 4125,0 | 4146,0 |
14211 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 420,0 | 84,0 | 105,0 | 105,0 | 126,0 |
14211200 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 420,0 | 84,0 | 105,0 | 105,0 | 126,0 |
1422 | Административдик жыйымдар жана төлөмдөр | 250,0 | 250,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
14224 | Жыйымдар жана төлөмдөр | 250,0 | 250,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
14224200 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы | 250,0 | 250,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр | 16080,0 | 4020,0 | 4020,0 | 4020,0 | 4020,0 |
3 | Активдер жана милдеттенме | 110,0 | 27,5 | 27,5 | 27,5 | 27,5 |
31 | Финансылык эмес активдер | 110,0 | 27,5 | 27,5 | 27,5 | 27,5 |
31412 | Айыл чарбасына жараксыз жерлер | 110,0 | 27,5 | 27,5 | 27,5 | 27,5 |
314121 | Турак жай имараттары жана курулмаларына берилген жер | 110,0 | 27,5 | 27,5 | 27,5 | 27,5 |