Редакцияот 19.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХ– сессиясы

 

2020-жылдын 19-февралы №6

Могол айылдык Кенешинин 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Могол айылдык Кенешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айылдык Кенешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков

 

 Могол айылдык Кеңешинин

2020-жылдын 19-февралындагы

 кезектеги ХХ- сессиясынын

№6-токтомуна тиркеме

Могол айылдык Кеңешинин 2020-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

 

№

 

Каралуучу иш пландардын мазмуну

 

Убактысы

 

Ким даярдайт

 

1

 1. Могол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

2. Могол айыл өкмөтүнүн 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жана 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү.

3. Могол айылдык Кенешинин иш планын бекитүү.

4. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү

5. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү.

 

 I-кв

 

Депутаттык топ

 

2

1.Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу.

2. Коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо.

 

 

 II -кв

 

 

Депутаттык топ

3

1. Могол айыл өкмөтүнүн аткарган иштеринин 6-айлык отчетун угуу.

2. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө.

 

 

 III -кв

 

 

Депутаттык топ

4

1. Мамлекеттик ишканалардын отчетун угуу.

 IV- кв

Депутаттык топ

 

Могол айылдык Кеңешинин

төрагасынын орун басары:                                                                                                                                                                             Р.Юлдашев