Редакцияот 19.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХ– сессиясы

 

2020-жылдын 19-февралы № 7

Могол айылдык Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын 2020-жылга иш пландарын бекитүү

Могол айылдык Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын 2020-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айылдык Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын 2020 -жылга түзүлгөн иш-пландары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландарынын аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков

 

 Могол айылдык Кеңешинин

2020-жылдын 19-февралындагы

 кезектеги ХХ- сессиясынын

№7-токтомуна №1-тиркеме

 

Элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылга карата

Иш планы

 

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер даярдайт

1

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү сапариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата иш чаралардын өткөрүлүшүнүн абалын көзөмөлдөө.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

2

Жаштарга билим берүү жана жаштар менен иш алып баруу чаралары

1-5-9 айларда

Депутаттык топ

3

Мектептердин жана балдар бакчаларынын кезектеги ремонтун жүргүзүү, шашке чай берүү абалын текшерүү

2-4-9- 10 айларда

Депутаттык топ

4

Жаштар арасында миграцияны азайтуу жана жумуш ордун түзүү чаралары

2-4-9- 10 айларда

Депутаттык топ

5

Айылдык кенешинин аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелердин кышка даярдыгын көрүү

9-10-11 айларда

Депутаттык топ

6

Электр тармактары боюнча жана байланыш бөлүмдөрүнүн иштөө абалын кароо.

2-7-12 айлар

Депутаттык

 топ

7

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлердин социалдык абалын кароо, билим денгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларын кароо, маданият мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишин жана иштоо тартибин кароо.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

8

Калктын саламаттыгын сактоо боюнча балдарга жугуштуу ооруларды алдын алууга эмдөөлөрдү жүргүзүү абалы

Жыл ичинде

Депутаттык топ

9

Жаштар арасында спорттук мелдештер, маданият иш чараларды уюштуруунун жүрүшү жөнүндө

Жыл ичинде

Депутаттык ток

10

Жакыр жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жана аларга берүлүүчү жөлөк акча, материалдык жардамдардын берилүүсүнүн абалын кароо

Жыл ичинде

Депутаттык

 топ

11

Жаш үй-бүлөлөргө там арка жер аянтын бөлүп берүүнү кароо

Жыл ичинде

Депутаттык топ

12

Той жана өлүмдөрдөгү ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту жоюу жана жөнгө салуу

Жыл ичинде

Депутаттык топ

13

Гуманитардык жардамдарды крийтерийге ылайык берилүүсүн көзөмөлдөө.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

14

Окубай жөргөн балдарды мектепке тартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү

Жыл ичинде

Депутаттык топ

15

Тоголок жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген, абалы оор болгон балдардын абалын кароо.

Жыл ичинде

Депл'тяттык .1

16

Айыл өкмөтү тарабынан социалдык тармакта аткарылган иштердин маалыматын угуу

Ар 6 айда

Депутаттык топ

17

Ижара акы менен бирге социалдык төлөмүн төлөө шарттарын түзүү жана ишке ашыруу.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

Элге билим берүү саламаттыкты сактоо,

маданият жана жаштар менен иштөө боюнча

туруктуу комиссиянын төрагасы: К.Эрмеков

 Могол айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы

 кезектеги ХХ-сессиясынын №7-токтомуна №2- тиркеме

Могол айылдык Кеңешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча Могол айылдык Кеңешинин

туруктуу комиссиянын 2020-жылга карата

Иш планы

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер даярдайт

1

Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетин талдоо жана сессияга алып чыгуу

I- квартал

Депутаттык топ

2

Могол айыл аймагындагы мекемелердин жылдык отчётун жана көйгөйлдөрүн кароо.

II- квартал

Депутаттык топ

3

Инвестицияларды кароо жана аларды эффективдуу пайдалануусуна көмөк көрсөтүү

дайыма

Депутаттык топ

4

Экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү.

Дайыма

Депутаттык топ

5

Могол айыл өкмөтүндө өтүп жаткан тендерлерге катышуу.

Дайыма

Депутаттык топ

6

Могол айыл аймагында жайгашкан мекеме, иш-каналарга жана элге берилген бюджеттен каралган акча каражатын көзөмөлдөө.

Дайыма

Депутаттык топ

7

Аймактагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү

Дайыма

Депутаттык топ

8

Киреше булактарын көбөйтүүгө жолдорду кароо

Дайыма

Депутаттык топ

Могол айылдык Кенешинин

экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш,

транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча