Редакцияот 27.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV– сессиясы

 

2020-жылдын 27-ноябры № 1

Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХV –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасы бекитилсин.

2. Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасынын аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков

 

Могол айылдык Кеңешинин

 2020-жылдын 27-ноябрындагы

 кезектеги ХХV- сессиясынын

 №1-токтомуна тиркеме

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ

 

МОГОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2021-2024-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

ПРОГРАММАСЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ооган-Талаа айылы, 2020-жыл

 

Мазмуну

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууну уюштуруу

 

 Кириш сөз

 

1. Муниципалитеттеги учурдагы абалды талдоо

 

Могол айыл аймагы жөнүндө жалпы маалымат

 

Могол айыл аймагындагы жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн өсүү факторлору

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү Программасы багытталган максаттуу топтор жөнүндө маалымат

 

 

 

Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасынын артыкчылыктуу өнүгүү багыттары:

Токой ресурстарын жыйноону, кургатууну, кайра иштетүүнү, стандарттарга ылайык таңгактоону, сатууну уюштуруу максатында токой ресурстарын кайра иштетүү класстерин калыптандыруу

Мал чарбачылыгында сандан сапатка, башкача айтканда эт багытындагы ири мүйүздүү малдарды багуу жана бордоп багуу, кайра иштетүүнү уюштуруу.

Ооган –Талаа айылында, токой мөмө жемиштерин, дары чөптөрдү кургатуучу жана таңгактоочу жабдуулары менен кардарга керектүү көлөмдөгү продукцияны экспортттого шарттаган чакан кампа уюштуруу долбоору

Чарбак айылында токой мөмө жемиштеринен Пастилла жасоочу чакан ишкананы ишке киргизүү үчүн жеке трансформатор жана электр линиясын орнотуу (200 вв)

Могол айыл аймагында ветеринардык дарыкананы уюштуруп ишке киргизүү.

Могол айыл аймагында жасалма уруктандыруу пунктунда жасалма жана табигый жол менен уруктандырууну жайылтуучу демонстрациялык борбор уюштуруу.

 Могол айыл аймагында мал союулуучу, этти тангактап муздаткычта сактоочу,сатыка чыгаруучу чакан эт комбинатын уюштуруу.

Могол айыл аймагына караштуу жайыттарды натыйжалуу башкаруу жана алардын абалын жакшыртуу долбоору.

Аярлуу катмардын өкүлдөрү, алардын ичинде аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо боюнча атайын чакан долбоорлорду колдоо фондун уюштуруу.

 

 

 

 

 

 

 

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү Программасын ике ашыруудагы бюджеттик саясат

 

Жергиликтүү бюджетти натыйжалуу башкаруу

 

Инвестициялык саясат

Программаны ишке ашырууда мониторинг жана баалоо системасы

 

 

Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгууну уюштуруу

Могол айыл аймагынын Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик-жеке диалог платформасынын катышуучуларынын арасынан 15 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамын жергиликтүү коомчулуктун түрдүү катмарларынын өкүлдөрү (аярлуу топтун), ишкерлер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл Кеңешинин депутаттары түздү. Бул ыктыярдуу жумушчу топтун курамы Могол айыл өкмөтү башчысынын атайын буйругу менен бекитилди.

Жумушчу топтун максаты – калктын түрдүү катмарларынын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен Могол айыл аймагына экономикалык жактан байгерчиликке жетишүүсүнө көмөк берүүчү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу болду. Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасы учурда иштеп жаткан Могол айыл аймагынын 2020-2023-жылдарга карата кабыл алынган социалдык экономикалык өнүгүү Программасына экономикалык бөлүгүнө толуктоо катары иштелип чыкты.

 Кириш сөз.

Могол айыл аймагынын Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасы аймак коомчулугунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, түрдүү тармакта ишкердүүлүк менен алектенген жеке сектордун, жалпы жашоочулардын жашоо денгээлинин сапатын жакшыртуу, бакубат жашоосуна шарттарды түзүү боюнча жакынкы 4 жыл аралыгындагы артыкчылыктуу максаттарын жана аны ишке ашыруу иш чараларын аныктап берет.

Бул Программа “Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдардагы аймактык өнүгүү Концепциясынын” жоболоруна негизделген.