Редакцияот 04.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштынын XXXXX сессиясы 

 

2020-жылдын 4-июну №50/6

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис  киреше боюнча кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Муз айыл өкмөтүндө башкы адис киреше боюнча  кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчун угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Муз айыл өкмөтүнүн  келишими бекитилсин.

Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.

 

Төрага

У.Мокешов