Редакцияот 19.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХХII СЕССИЯСЫ 

 

2020-жылдын 19-марты №4

С.Жакыпов көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан мурдагы «Бакыт» бала бакчасын ( «Каратал Жапырык» коругу ) бузууга жана анын  жер  аянтын жаңы курулуучу  бала бакчага   берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы №65 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун”  корутундусунун, Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы №7 токтомунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча”,  “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”  туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Нарын шаарындагы С.Жакыпов көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан мурдагы “Бакыт” бала бакчасынын (“Каратал-Жапырык” коругу) имаратын бузууга  жана бузулган имараттын 793 чарчы метр  жер аянтын жаңы курула турган бала бакчага берүүгө макулдук берилсин.

2.  Токтомдуу  аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Ботоканов