Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2020-жылдын 18-февралы №2

Баткен шаарынын  социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышында  жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2019-жыл ичинде шаар мэриясынын аткарган иштерине шаар мэринин отчетун угуу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3; 12–пункуттарына  ылайык Баткен шаардык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Баткен шаар мэриясынын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2018-жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин. (мэрдин отчету тиркелет)

     2.Баткен шаарынын мэринин 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету бекитилген токтом  шаар калкына шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков

 

 

Баткен шаарынын 2019-жылдын   жыйынтыгына  карата  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

МААЛЫМАТ

 

Баткен шаарынын экономика тармагында 2019-жылдын жыйынтыгына карата бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер аткарылып, айрым тармактарда урунттуу өсүүлөр байкалып, кээ бир тармактарда стабилдүүлүк сакталды.

-Өнөр жай 771,7 млн. сомго,  же болбосо өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмү 101,7 %га 

-электр энергиясыз 89,6 млн. сомго, физикалык көлөмү 106,7%га аткарылган.

               Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда шаарыбызда жалпы 66 кичи жана ПДН ишканалары бар. Алар,

 

1

Электр тармактар ишканасы; (Ош электро)                 

1

 

Муниципалдык ишканалар                                                 

2

 

Бай-Түшүм кооперативи                                                  

1

 

Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча  (ПДН)                 

69

 

Бардыгы 

                          73

 Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН  ишканалар

1

 Пескоблок,  лего кирпич, еврозабор чыгаруучу цехтер

11

2

Кийим тигүү цехтери                                 

6

3

Желим эшик-терезе жосаачу цехтер       

4

4

Мебель жасоочу цехтер                               

6

5

Навайканалар    

26

6

Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер        

7

7

Темир шифер жасоочу цех                           

1

8

Кондитердик цехтер                                     

4

9

Пилорамалар  

3

 

Бардыгы

69

-Айыл чарбасы                      – 645,5 млн сомго, өсүү темпи 100,6%ды,

-Тейлөө рыногу                     – 1688,8 млн сомго, өсүү темпи 104,7%ды,

-Чекене соода жүгүртүү       – 1190,6 млн сомго, өсүү темпи 102,6 %ды, 

-кызмат көрсөтүү                  – 498,3 млн   сомго, өсүү темпи 102,7 %ды,

-Капиталдык курулуш          – 436,3 млн. сомго, өсүү темпи 142,0 %ды,

-Жаңы жумуш орун түзүү   – 487  салыштырмалуу 166.2 %ды,

-Орточо эмгек акы                – 14744,9 сом салыштырмалуу 105.9 %ды түздү.

-Катталган жумушсуздардын саны – 1299 адам, а.и. официалдуу 1130 адам.

 

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ

      Жалпы ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 433,4 млн. сомду түзгөн.

А.и.

-Тышкы инвестиция –225,3 млн сом (ЕБРР-112.4млн, АРИС -4.1 млн, Ас-Сафа-107.1 млн, Жайзет ӨЭ уюму 1.7 млн сом)

-Ички инвестиция    – 117,8 млн сом. (Жеке ишкердик курулуштар)

-Жергиликтүү бюджет – 36,5 млн сом

-Республ. бюджет     –  47,3 млн сом. (полик-5.5 млн, ӨМК-0.5 млн, детсад – 5.8 млн, стимгр-5.2 млн, драм-2.6 млн,)

САЛЫК ТОПТОО

Мамлекеттик салык  жана төлөмдөрдүн  жеткирилген планы 114962,5 миң сомго аткарылып, 103,5%ды түзгөн.   Же болбосо планга салыштырмалуу 3908,2 миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 113,2%ды түзүп, 13378,4 миң сомго көп  аткарылган.   Анын ичинен:

 -республикалык бюджет 37171,2 миң. сомго аткарылып, өсүү темпи                  100,0 %га же планга салыштырмалуу 0,3 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 4511,3 миң сомго аз аткарылып, 89,2 %ды түздү.  

 

-жергиликтүү бюджет 77791,3 миң. сомго аткарылып, планга салыштырмалуу өсүү темпи 105.3 %га же болбосо 3907.9 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 17889.6 миң сомго көп аткарылып, 129.9 %ды түздү.  

 

январь - декбрь 2018 года

 

 

 

январь - декабрь  2019 года

 

 

план

факт

 план

факт

план

факт

% 

 (+,-)

план

факт

% 

  (+,-)

100554,5

101584,1

101,0

1029,6

111054,3

114962,5

103,5

3908,2

110,4

113,2

10499,8

13378,4

 

Республиканский бюджет

40879,1

41682,5

102,0

803,4

37170,9

37171,2

100,0

0,3

90,9

89,2

-3708,2

-4511,3

 

Местный бюджет

59675,5

59901,7

100,4

226,2

73883,4

77791,3

105,3

3907,9

123,8

129,9

14207,9

17889,6

 

 

Биринчи вице-мэр                                                                           М.Султанов

 

Башкы адис                                                Э.Пинназаров