Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы №5

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706  токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна жана     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомун кароо боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомунун негизинде Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат орду бекитилсин.

2.    Айылдык кеңештин аппараты жок болгондугуна байланыштуу бардык тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Султанов