Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXIX сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 130

Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023–жылдарга болжолу жөнүндө

    

Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын  башчысы А.П. Келдибеков жана  депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

2021-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетине кирешелер боюнча 65848,2 мин сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 65848,2 миң сом  жана 2022-2023-жылдарга болжолу 67707,6 жана 69165,6 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Сүлүктү шаарынын 2021-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү  аткаруу бийлигине жүктөлсүн.

Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.

Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2021-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан  төлөнүүчү киреше салыгынан 100,0 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №2).

Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (роялти), (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо) алардын иштетилген жери боюнча  (жайгашкан орду)  боюнча шаардын тиешелүү  жергиликтүү бюджетине – 50,0 пайыз өлчөмүндө №2 тиркемеге  ылайык бекитилсин.

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.   

жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Жер казнасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке 7 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2021-жылга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана башка алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.

Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.

Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100,0 пайызы Республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана                    2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 26–декабрь 2018-жылдын №112 Мыйзамы.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык банктардан эсеп счетторун ачып иш жүргүзүү жагы уюштурулсун.

2021-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калган, бош акча каражаттарын 2021-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде, депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу жана Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүндө жана 2021-жылга резервдик фондунун суммасы 499.0 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 100,0  миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармалыгынын 2009-жылдын                                 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2021-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда) 100,0 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2021-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 70, миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2021-жылга Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтому 05.08.2011-ж. №451, 08.07.2013-ж. №403 жана 13.12.2016-ж №669, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43                41-берене) №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2021-жылга Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн токтому 05.08.2011-жыл №452) №7 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2021-жылга Сүлүктү шаардык Кош-булак посёлкасынын аймактык башкаруусунун типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Өкмөтүнүн токтому 10.09.2009-ж №566) №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017 жылдын                                7-августундагы №466 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенешинин чечимдеринин, буйруктарынын негизинде төлөө жагы каралсын.

Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май       2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.

Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2021-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө болгон дебитордук карыздар жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №9, №10, №11 тиркемелердин негизинде бекитилсин.

Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу жана жүктөөчү үчүн 14 штаттык бирдик жана эмгек акысына дем берүү жагы каралсын №12 тиркеменин негизинде бекитилсин.

Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаш депозит жана ординатор дарыгерлерине 2021-жылга (КР Закону №81 28.05.2013ж) көмөк көрсөтүү боюнча № 13 тиркеменин негизинде бекитилсин.

Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору типтүү түзүмү жана штаттык саны КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттининин, 2016-жылдын 28-июнундагы №172-0 Тескемесинин негизинде бекитилсин (№14 тиркеме).

Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май №268, 2012-жылдын 31-январь №66 жана 2012-жылдын 17-августундагы №572, 2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2021-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) №16 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 276 Токтомунун негизинде республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу “калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” төлөмдөрү шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.

Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 200,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.

Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2021-жылга 15-20 пайыз эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2021-жылга COVID-19 илдети менен күрөшүүгө кошумча каражат талап кылынса, шаардык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын жана Сүлүктү шаардык мэриясынын чечимдери менен ишке ашырылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Исмаилов

 

 

 

 

 

 

 Тиркеме №1

 

 

 

Сүлүктү шаарынын 2021-жылга бюджетинин

 

долбоору жана анын контролдук суммага салыштырмасы,

 

жана 2022 – 2023 – жылдарга болжолдору

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Киреше бөлүгү