Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 3-марты ПЖ № 47
«2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-декабрындагы ПЖ № 380 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– «2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы (мындан ары – Мамлекеттик максаттуу программа) ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык;
– Мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
– Мамлекеттик максаттуу программанын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын сапаттуу, толук жана өз убагында ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын;
– жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Мамлекеттик максаттуу программаны аткаруунун натыйжалары жөнүндө, аны ишке ашыруунун даражасы тууралуу тыянактар камтылган маалымат киргизсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 10-мартында № 18(3467) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| 2-тиркеме |
«2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы