Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 103

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

С.Н. Жапаров