Редакцияот 10.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2023-жылдын 10-октябры ПЖ № 257

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

С.Н. Жапаров