Редакцияот 18.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2023-жылдын 18-октябры ПЖ № 262

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясынын 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 85 (3534) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров