Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 10-декабры ПЖ № 632

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

         Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР"

                   телерадиоберүү компаниясы жөнүндө

 

     Калктын көзкарандысыз жана объективдүү  маалыматка,  билим  берүү,

балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына муктаждыктарын канааттан-

дыруу, ошондой эле коомдук берүүнүн ролун жогорулатуу максатында токтом

кылам:

     1 "Ош-3000" мамлекеттик  телерадиокомпаниясынын  базасында  Кыргыз

Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы

түзүлсүн.

2. (КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу,  финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин;

     - Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР"  телерадио-

берүү  компаниясын  башкаруунун корпорациялык ыкмасына этап-этабы менен

которуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени изилдесин;

     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

     5. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-

на  байланыш  Улуттук агенттиги менен Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик

комиссия бир айлык мөөнөттө мыйзамда белгиленген тартипте  бүткүл  рес-

публиканын аймагын камтыган метрлик диапазондогу жыштыкты бөлсүн.

     6. Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  телерадиоберүү   корпорациясы

жањыдан түзүлгөн "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компания-

сын материалдык-техникалык жактан жабдууга көмөк көрсөтсүн.

     7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын  23-апрелиндеги

№ 176 буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы, 3-6-пункттары;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19-октябрындагы

№ 322 буйругу.

     8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин басмасөз кызматына жүктөлсүн.

     9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев