Редакцияот 09.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2015-жылдын 16-июну ПЖ № 121

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгынын 2-3-пункттары;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 161 "Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-августундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 237 "Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 3-июнундагы № 128 "Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев