Редакцияот 01.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 01-февралы № 01-5/202

Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жылга таштандыларды ташып чыгаруу  боюнча тарифин бекитүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XХIII  сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жыл үчүн таштандыларды ташып чыгаруу  боюнча тарифин бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын  жетекчисинин, 2020-жыл  үчүн таштандыларды ташып чыгаруу  боюнча тарифин бекитип берүү боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык  ишканасынын  жетекчисинин 2020-жыл үчүн таштандыларды  ташып  чыгаруу   тарифи № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын  жетекчисине милдеттендирилсин.

4. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырамын.

                                                

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                         

Я.Т. Абдурахманов

 

                                                                                      «Бекитем»

                                                                      Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин

                                                                      төрагасы ____Я.Т.Абдрахманов.

                                                                      XXVII  чакырылышынын  кезектеги

                                                                      XXIII сессиясынын № 01-5/202

                                                                      токтомуна тиркеме

 

             

2020-жыл үчүн шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн сунушталуучу тарифтердин баасы

№

 

 

баардыгы

1

Көп кабаттуу  үйлөрдүн  батирлери

1 адамга

16

 

2

Жер үйлөргө

1 адамга

17

3

Мекеме-ишканаларга жана коммерциялык жактарга 

1м3

670

 

4

Суюк таштандыларды чыгаруу

1м3

600

5

Септик

1м3

325

6

Өзү ташып чыгаруу

1м3

100

 

        Жетекчи                                                                  Э.А. Маматов