Редакцияот 08.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын  кезектеги ХХХVI I сессиясы

 

2020-жылдын 8-майы № 1

    

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV  шайланган депутаттарынын  кезектеги   ХХХVI   сессиясынын № 1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын  кезектеги  ХХХVII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын жайытына Сузак, Базар-Коргон райондорунун малдарын киргизбөө жөнүндөгү 30-март 2020-жылдагы  ХХХVI   сессиясынын №1 токтомунун 1-бөлүгүндөгү көрсөтүлгөн “деградация” деген сөз алынып салынсын.  “Мораторий” деген сөз Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 7-беренесине ылайык 5 (Беш) жылдык мөөнөткө “Реаблитациялоо” деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун башка пунктары өзгөртүүсүз калтырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке  милдеттендирилсин.

 

    Төрага

С. Топоев