Редакцияот 24.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Эл  депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XХIII сессиясы

 

2020-жылдын 24-апрели № 23-4

 

2020-жылдын 22,28,29-марты,4,5,7,11,12-апрели иш күндөрү деп белгиленген Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин буйругу боюнча

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринен 2020-жылдын 22,28,29-марты,4,5,7,11,12-апрели иш күндөрү үчүн Эмгек Кодексинин 114-115-174-175-статьяларынын негизинде, профсоюздук уюмдун жамааттык келишиминин 2-бөлүмүнүн негизинде эмгек акы төлөө жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы И. Чороевдин буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Токтогул райондук башкармалыгына жөнөтүлсүн жана суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшаковага жүктөлсүн.

3. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды

                                                                     

    Төрага

О. Көксариев