Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

           УТРАТИЛ СИЛУ

в соответствии с Указом Президента КР

от 22 октября 2009 года УП №396

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-июнундагы № 337

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖЫРЛЫГЫ

                                  

        Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу

           системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын

                            бекитүү жөнүндө

                                  

   Мамлекеттик  финансыны  башкаруу системасын жакшыртуу  жана  Кыргыз

Республикасынын  бюджетин кыйла реалдуу аткарууга  жетишүү  максатында

токтом кылам:

 

   1.      Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  финансысын   башкаруу

системасын реформалоо боюнча аракеттердин тиркелген Планын (мындан ары

- аракеттенүү Планы) бекитилсин.

   2.    Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;

   -  Кыргыз  Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык   ведомстволору,   жергиликтүү   өзалдынча   башкаруу

органдары жана башка мамлекеттик органдары менен бирдикте аракеттердин

Планында көрсөтүлгөн иш-чараларды мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылсын;

   -  Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2006-жылдын  14-мартындагы

№114  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана

инвестициялык  саясат боюнча Координациялык кењеш  жөнүндөгү»  Жарлыгы

менен    түзүлгөн    Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтүнө    караштуу

макроэкономикалык  жана  инвестициялык  саясат  боюнча  Координациялык

кењешке  аракеттердин  Планын  аткаруунун  жүрүшү  жөнүндө  маалыматты

квартал сайын берип турсун.

   3.     Бул  Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети  Кыргыз

Республикасынын    Президентинин    Администрациясынын    стратегиялык

өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

   4.    Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                   К.Бакиев