КР Президентинин 2012-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 22-октябры ПЖ № 396
2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин Орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын ырааттуу реформалоо жана бюджеттик процессти өркүндөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин Орто мөөнөттүү планы (мындан ары - иш-аракеттер Планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдары менен бирдикте иш-аракеттер Планында көрсөтүлгөн иш-чараларды мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңешке иш-аракеттер Планынын жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын берсин.
3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы № 337 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 396 Жарлыгы менен бекитилген
|
2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
┌───────────────────┬───────────────────────────┬────────┬────────────┐
│ Максаты │ Иш-чаралар │Мөөнөтү │Аткаруучулар│
├───────────────────┴───────────────────────────┴────────┴────────────┤
│ I. Бюджеттик процессти жакшыртуу │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ I.А. Бюджетти даярдоо жана пландаштыруу процесси │
├───────────────────┬───────────────────────────┬────────┬────────────┤
│I.А.1. Бюджетке │I. А.1.1. Бир жылдын ичинде│2009-жыл│Финансы │
│тез-тез │бюджетке өзгөртүүлөрдү │ │министрлиги,│
│өзгөртүүлөрдү │киргизүү боюнча чечимдерди │ │министрлик- │
│киргизүүнү жана │кабыл алуу процесси жана │ │тер, │
│ресурстук │ички жылдык пландоо боюнча │ │ведомстволор│