Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы 

 

2020-жылдын 28-январы № 31/9

Жайыт пайдалануучулар биркмесиинин отчету, “Жайыттарды башкаруу жана пландоо”  боюнча 2020-жылга иштелип чыккан иш планын жана бюждетин  бекитүү жөнүндө

Чолпон айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы

Өмурбеков Урматтын билдируусун угуп жана талкуулап  Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык  кенеши токтом кылат:           

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл ичинде  аткарган алгылыктуу иштерин эске алуу менен  канааттандыраарлык деп  табылсын.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата бюджетинин көлөмү 1205 000 сом  өлчөмүндө бекитилсин.

3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата иштелип чыккан иш планы жана ички тартип эрежеси  бекитилсин (тиркеме – 1 барак).

 

Төрага

Т. Токтомушов

 

Тиркеме

Чолпон айылдык кеңешинин

 кезектеги  XXXI  сессиясынын

 № 31/9  Токтомуна

 

2020-жылга карата Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан иш- планы жана ички тартип эрежелери:

 

1. 2018-2022-жылдарга кабыл алынган орто мөөнөтүү “Жайыттарды башкаруу жана пландоо” иштерин аткаруу максатында,  жакынкы такырланган жайыт болуп эсептелген ”Кызырт” өрөөнүн калыбына келтирүү максатында эс алууга калтырылсын.

2. 2020-жылдын 1-январына карата мал санактын жыйынтыгы боюнча 12 926 шартуу баш бекитилсин (малдардын бардык түрүн уйга айландырганда).

3.   Мал башына алынуучу жайыт акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Уй-                                                75сом

Жылкы-                                       75сом

Торпок 1жашка чейин           53 сом

Топоз-                                          150сом

Кой,эчки-                                     15сом

Эшек-                                           75сом

4. ИСУР КФ менен 4 жылдан бери  иштелип келе жаткан долбоор улантылып иш алып барылсын.

5. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда бар жарандар жана жок турист тосуп алектенген жарандар туристик фирмалар менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.

6. Жайыт пайдалануучулар биркмеси тарабынан кабыл алынган ички тартип эрежелерин бузган  учурлар  болгондо,  Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы  №85 мыйзамына киргизилген  өзгөртүүлөр жана Кыргыз Республикасынын  2017-жылдын 13-апрелиндеги “Бузуулар” жөнүндө кодексинин  №58  жалпы жоболордун негизинде  чара  көрүлсүн.

 

ЖПБ төрагасы

У. Өмүрбеков