Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы

2020-жылдын 28-июлу №5-8

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин 2020-жылга карата иш планы  бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет 2 (эки) баракта);

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага жүктөлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары

К. Асанбаева

Каттоо № 48

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кещешинин

28-июль  2020-жылдагы

№5-8 токтомуна  №1 тиркеме

Ат-Башы айылдык Кещешинин 2020-жыл үчүн

ИШ ПЛАНЫ

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кещештин 2020-жылга иш планын бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева

2

2019-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков

3

Айыл өкмөттүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев,

Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев

4

Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча мыйзамынын аткарылышы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ишин жандандыруу жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи Д. Курманбек уулу

5

Айылдын жашылдандыруу көрктөндүрүү, тазалык иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы

6

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, Ат-Башы айылынаөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, инвестиция тартуу боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев

7

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугу, айыл тургундарынын турак үйлөрүнүн, короолорунун кызыл сызыкка туура келиши) жана Эл, турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы  жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси, туруктуу комиссиянын  төрагасы, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору  Б.Жумабаев

8

Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология  иштери жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, туруктуу  комиссиянын  төрагасы

9

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

10

Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис, ветеринария боюнча башкы адис А. Жаныбек уулу,  туруктуу комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин  башчысы

11

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

12

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү,  өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» жарлыгы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу

4-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

13

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө 

4-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева

14

Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси

15

Туруктуу комиссияларынын 2019-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

 

Айылдык кещештин катчысы

Т. Иманбердиева