Редакцияот 15.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №13-СЕССИЯСЫ

 

2022-жылдын 15-февралы № 13/105

Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кызматтык маяналарга 20% өлчөмүндө кошумча акыларды белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин “Шарттарда акы төлөө” 164, 224-беренелерине жана “Оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кошумча акыларды белгилөө жөнүндө”  Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген “Компьютер, эмгектин өзгөчө шарттары бар жумуштардын типтүү тизмесинин” 42-бөлүмүнүн “Эмгектин бардык тармактарына мүнөздүү зыяндуу жана оор шарттардагы жумуштар” Жобосунун 1-пунктунун (оор жумуш, өзгөчө климаттык шарттарда иштөө), 2021-жылдын 28-декабрындагы “Электромагниттик нурлануунун деңгээлин өлчөө тууралуу” №278-протоколунун жана аттестациялык комиссиянын 2022-жылдын   18-январындагы №2-протоколунун негизинде, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аттестациялык комиссиянын 2022-жылдын 18-январындагы №2-протоколуна ылайык, 2022-жылдын январь айынан баштап айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кызматтык маянасына 20% өлчөмүндө кошумча төлөмдөр белгиленсин.

 

Төрага

А. Абышев