Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХVII сессиясынын жыйналышы

 

2020-жылдын 19-июну № 17/2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомунун негизинде айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык түзүмүн кайрадан бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы №17-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндөгү ” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомун негиз кылып калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык түзүмү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомун негизинде калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги байланыштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын өзгөртүлгөн штаттык түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркеме тиркелет ).

2. Айылдык Кеңештин катчысынын ишмердүүлүгүн камсыз кылууда, анын эмгек акы жана башка чыгымдары менен каржылоону Кара-Кулжа райондук Каржы башкармалыгы менен макулдашып жүзөгө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.

 

 Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                                                                   Н.Жолдошов

 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин

19.06.2020-жылдагы

 № 17/2 токтомуна тиркеме

 

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын өзгөртүлгөн типтүү түзүмү жана штаттык

саны төмөндөгүдөй

 

КУРАМДА

 

№

Аталышы

Саны

1

 Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

2

Башчынын орун басары

1

3

Жооптуу катчы

1

4

Бөлүм башчы

1

 Кеңештин иштери боюнча:

1

Айылдык кеңештин катчысы

1

 Башкы адистер:

1

Айыл чарбасы жана жер, турак жай маселелери боюнча адис

1

2

Мал чарбасы жана ветеринария жана адис

1

3

Коммуналдык менчик, турак жай, өзгөчө кырдаалдар боюнча адис

1

4

Компьютердик технологиялар жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

1

 Жетектөөчү адистер

1

Социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча адис

1

2

Статист-экономист

1

3

Кирешелер боюнча адис

2

 Адистер

1

Кадр маселелери боюнча адис

1

2

Маалымат алмашуу адиси

1

 Айыл башчылар:

1

 Сай айылынын айыл башчысы

1

2

Шаркыратма айылынын айыл башчысы

1

3

Жылкол айылынын айыл башчысы

1

4

Сары-Таш айылынын айыл башчысы

1

 Аскердик каттого алуу бөлүмү

1

Аскердик иштер боюнча адис

1

2

Аскердик иштер боюнча адис

1

 ТОП, МОПтор боюнча

1

Кароол

1

2

Уборщица

1

 

 

 

 

Жалпы айыл өкмөт боюнча:

23 штат

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы :                                                                                                                       С.Осмоналиев

Ылай-Талаа айылдык Кеңеши                                                                                                                                         Ылай-Талаа айыл өкмөтү

2020-жылдын 19-июну                                                                                                                                                        2020-жылдын 19-июну

№ 17/3                                                                                                                                                                                     № 68

БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУК

 “Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жана Ылай-Талаа айылдык кеңешинин биргелешкен конкурстук комиссиясын түзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, 1996-жылдын 12-декабрында бекитилген Ылай-Талаа айылдык кеңеши жөнүндө уставына, 2004-жылдын 3-ноябрында бекитилген Ылай-Талаа айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык буйрук кылабыз

1. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

 Карабаев Садык-айылдык кеңештин депутаты, конкурстук комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

-Турдубай уулу Самаган-райондук мамлкеттик администрациясынын адиси;

-Мырзабаева Майрамкан-айыл өкмөтүнүн кадр маселеси боюнча адиси;

-Жолдошова Айнагүл-айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы;

-Осмоналиев Сулайман-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

-Исмаилов Орозмат-айыл өкмөтүнүн статист-экономисти;