Редакцияот 04.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №38-сессиясы

 

2020-жылдын 4-майы. №38

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл чарба, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрт-Көл айылдык кеңештин төрагасы                                                                                                                          С.Ахмедов

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 “Бекитемин”

 Төрт-Көл айылдык кеңешинин

 04.05. 2020-жылдагы №38

 токтому менен бекитилген

 

 Төрт-Көл айылдык кеңешинин

 төрагасы 04.05.2020-жыл

 _______________С.Ахмедов

 

 

Төрт-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш-планы

 

1. Төрт-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдагы иш планын бекитүү (жайыт комитетинин төрагасы Т.Бечелов).

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин аткарылышы жылдык отчет төрага ( 2020-жыл 1-квартал жайт комитетинин төрагасы Т.Бечелов).

3. Жайыт комитети 2020-жылга жакынкы жайыттардын жолун оңдоо жана Чалдубар участкасына АРИС аркылуу таза сууну чыгаруу.

4. Жайыт комитетин 2020-жылга каралган бюджети 379700 сомду түзөт

5. Жайыт пайдалануучулар менен биргеликте жайыт акы төлөө маселесин чечүү

6. Жайыт комитеттин төрагасы жылдык бюджетти ноябрь айына толугу менен аткаруу

 

 

№

 Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар

1

Жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышы

Жыл ичинде

Жайыт комитетинин төрагасы Т.Бечелов

2

2020-жылы жакынкы жайыттагы жолдорду оңдоо

Июнь

Т.Бечелов

3

Чалдубар участкасында таза суу түтүкчөлөрүн оңдоо

Жыл ичинде

Т.Бечелов

4

Жайыт комитетинин эсебинен бузулган жолдорду оңдоо

Августь

Т.Бечелов

5

Жайыт пайдалануучулар менен жайыт акы төлөө мөөнөтүн аткаруу

Сентябрь

Жайыт пайдалануучулар

6

Жайыт комитетинин иш чараларынын аткарылышы жөнүндө

ноябрь

Т.Бечелов

7

Жайыт комитнтинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо

декабрь

Т.Бечелов

Жайыт комитетинин төрагасы                                                                                                                                                                  Т.Бечелов

ЖК Бухгалтери                                                                                                                                                                                                 К.Арзыбеков