КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2020-жылдын 9-сенябры №40-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү максатында, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» III «Пландоо» бөлүмүнө жана Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 16-майындагы №1-18/56 биргелешкен буйруктарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасы жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасы 1-тиркемеге негиз бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Ушул кабыл алынган программага ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевге жана жалпы аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: О. Исаков.
Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Ноокат району
Көк-Жар айылдык аймагы
Көк-Жар айылдык аймагынын
2021-2023- жылдардагы социалдык-экономикалык
ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Депутаттардын Көк-Жар айылдык Кеңешинин
______чакырылышындагы ____сессиясынын
№ _____токтому менен бекитилди
___________2020-жыл
Мазмуну
Кириш сөз.
1. СЭӨПны даярдоо үчүн ченемдик-укуктук негиз.
2. Муниципалитет тууралуу кыска маалымат.
3. Өнүгүү программасынын жалпы максаты.
4. Кырдаалды сүрөттөөнү кошкондо, өнүгүүнүн багыттары. Ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча максаттар, тапшырмалар, жыйынтыктар жана көрсөткүчтөр.
5. Өнүгүү программасынын бюджети. Өнүгүүнүн финансылык модели.
6. Өнүгүү программасын башкаруу.
7. Өнүгүү программасына мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
Тиркемелер.
Өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер Планы
МжБ планы
Жогору турган органга суроо-талаптар (зарыл болсо)
ЖӨБ органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары боюнча мыйзамдарга анализ жасоо
Учурдагы кырдаалга жасалган анализ боюнча отчеттор (ички жана тышкы чөйрөлөр)
Калктын муктаждыктарын аныктоо боюнча (ЖМБА) иш-чаралардын отчеттору
Жумушчу топтун курамы жана планы
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин төрагасынын кириш сөзү
Урматтуу Көк-Жар айыл аймагынын тургундары!
Сиздер менен биз жаны доорду кабыл алуу жана анда жашоо бактысы буюргандыгына шүгүрчүлүк этели. Биздин артыбыздан келечектин жаны муундары өсүп келе жатат, биз алар менен бирге ата-бабаларыбыз жолун улап, бизге чейинки муун калтырып кеткен жетишкендиктерди толуктап, аларды улантуубуз зарыл. Бул үчүн дүйнөлүк тажрыйба далилдегендей социалдык-экономикалык өнүгүү планы керек. Туруктуу өнүгүү – адамзат коомунун өз ара жана табигат менен болгон биримдиги болуп саналат.
Көк-Жар айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 2023-жылга чейин туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт. Андан сырткары бул программанын максаты – жакынкы келечекте айыл аймактын жашоосун ар тараптан жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери көрсөтүлгөн.
Бул программаны иштеп чыгуу максатында, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан атайын 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 86 номерлүү буйрукка негиз жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топтун курамында ар тармактын өкүлдөрү катышып,айыл аймагыбыздын жакынкы 3 жыл аралыгында ыкчам жана туруктуулук менен өнүгүү багыттарын аныктап, өнүгүү жолдорун чагылдыруучу документти иштеп чыгышты. Ошондой эле бул программаны иштеп чыгууда, айыл аймагыбыздын 2024-жылга чейинки башкы стратегиялык планынын иш-чаралары эске алынды.
Бул программага Көк-Жар айыл аймагынын соңку жылдардагы негизги экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жана 2020-2022-жылдардагы негизги макроэкономикалык жана микроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу пайдаланылды. Муну менен катар, албетте жаштарыбыз маданияттуу чөйрөдө жана жогорку моралдык коомдун өнүгүүсү үчүн, биздин айыл аймагыбызда ыңгайлуу, сергек, бай жашоо болуусу шарт. Ошондой эле жеткиликтуу билим алууга, кызмат көрсөтүүдөгү бийиктиктерди багындырууга, жаны муунубузду татыктуу тарбиялоого милдеттүүбүз. Эгерде социалдык-экономикалык программада көрсөтүлгөн милдеттерди иш жүзүнө ашырууга жалпыбыз салым кошсок, айыл аймагыбызда чон ийгилик жаралаарына терен ишенем.
Бул айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы элдин турмуш шартын,
жашоо - руханий деңгээлин көтөрүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу максатын көздөйт. Айыл аймак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили келди. Айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү бул - региондун социалдык –экономикалык өнүгүүсү, азыркы муундун жыргалчылыгына келечек муундун жыргалчылыгы шайкеш келиши, курчап турган чөйрөнүн орду толгус бузулуп кетишинен сактоо, мыйзам-ыйман талаптарына ылайык гармондуу коопсуз, коомдук мамилени орнотуу. Ошондуктан жаңы кырдаалды баалап алдыга туруктуу өнүгүү максатында ушул программаны даярдоо зарыл болду.
1. СЭӨПны даярдоо үчүн ченемдик-укуктук негиз
КР Конституциясы;
КР Бюджеттик кодекси;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы;
Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык жактан пландоо боюнча методология, (КР Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы №45 Буйругу менен бекитилген)
Шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо боюнча ЖӨБО үчүн усулдук колдонмо (Экономика министрлигинин 2019-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 16-майындагы №1-18/56 биргелешкен буйруктары менен бекитилген)
Жергиликтүү деңгээлде программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби тууралуу нускама (КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 23-июлундагы №69-Б Буйругу менен бекитилген)
Көк-Жар айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат
Кыскача тарых жана жалпы маалымат
Көк-Жар айыл аймагы Ош облусунун батыш-түштүк бөлүгүндө, Ноокат районунун батыш бөлүгүндө жайгашкан, 1996-жылы уюушулган. Көк-Жар айыл аймагынын жалпы аянты 16 107 кв.км түзөт. Түндүгүнөн Найман айыл аймагы, чыгышынан Бел айыл аймагы, түштүгүнөн Кулатов айыл аймагы, батышынан Он-Эки-Бел аймагынын чек аралары менен чектешет. Райондун борборунан 22 км, ал эми облустун борборунан 60 км алыстыкта, жакынкы темир жол станциясынан 25 км, жакынкы аэропорттон 75 км, республиканын борбору Бишкек шаарынан 640 км аралыкта жайгашкан.
Айылдык аймак Бишкек -Ош-Баткен республикалык маанидеги автожолдун боюнда орун алган. Аймак 6 айылдан турат. Алар –Жийде, Борбаш, Көк-Жар, Каранай, Сарыканды жана Алашан айылдары.
Климаттык шарты
Көк-Жар айылы Алай тоо кыркаларында жайгашкан Дениз денгээлинен 1275 метр бийиктикте. Климаты кескин континенттик, кышы суук жана узак, жайкысын ысык. Кышкысын аба ырайы 20-25 градус суук, жайкысын 20-30 градуска ысык.
Демографиялык көрсөткүч
Көк-Жар айыл аймагында жалпы калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 22 225 адам анын ичинен 11370 аялдар, 10885 эркектер түзөт. 0-15 жашка чейинки жаштар 8 %зын түзөт. Ал эми 2019-жылы 0-15 жаштар 7 % зын түзөт. Кыскасы айыл тургундарынын саны 2016-жылдан 2020-жылга чейин 1905 адамга көбөйдү. 2019-жылы сыртка кеткен жарандардын саны 2500–адам. Ал эми 2020-жылгы сырткы кеткен жарандардын саны 3876 адам, али эми ички миграция - 6,4% түзөт.
Айылдын аталышы | Кожолук саны | Калктын саны | Жашаган жеринде жок | Эркетер жаш курагы | Аялдар | ||||||||
0-15 | 16-17 | 19-62 | 63+ | Бардыгы | 0-15 | 16-17 | 18-57 | 58+ | Бардыгы | ||||
Жийде | 805 | 4950 | 676 | 903 | 49 | 1423 | 106 | 2432 | 878 | 28 | 1404 | 236 | 2518 |
Борбаш | 786 | 4776 | 686 | 818 | 45 | 1381 | 118 | 2317 | 769 | 36 | 1510 | 180 | 2459 |
Көк-Жар | 569 | 3318 | 600 | 510 | 42 | 1041 | 58 | 1609 | 481 | 40 | 1063 | 165 | 1709 |
Каранай | 435 | 2847 | 472 | 472 | 53 | 917 | 47 | 1436 | 435 | 45 | 873 | 103 | 1411 |
Сарыканды | 543 | 3381 | 727 | 567 | 62 | 1010 | 58 | 1635 | 564 | 63 | 1072 | 110 | 1746 |
Бардыгы | 3634 | 22255 | 3876 | 3793 | 304 | 6659 | 433 | 10885 | 3576 | 256 | 6885 | 909 | 11370 |