Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6 – чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2019-жылдын 26-декабры № 24-1

«Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө»

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга каралган айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 71344,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2020-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

5. Кирешелеринин болжолу 2021-жылга 75957,1 мин сомго жана 2022-жылга 77563,5 мин сомго белгиленсин.

6. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

7. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын айылдык бюджетинин аткарылыш № 4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

8. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

9. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

10. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу;

-ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде экиден ашпаган тактоолорду жүргүзүүгө,

- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

2020-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыгарылсын.

11. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максатуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенешинин төрагасы:                                                                                                                                                                       А.Топчубаев

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин

 (6 чакырылышы) кезектеги 24 сессиясынын

№ 24-1 токтомуна 1 тиркеме

 

Кирешелердин аталышы

2020-жылга

I

Кирешелер

62005,4

II

Салык кирешелери

55005,5

 

Кирешелерге жана пайдага салыктар(прибыль)

20729,0

III

Кирешелерге жана пайдага салыктар(прибыль)

15740,0

IIIII

Кыргыз Республикасынын резиденти-жеке адамдардын кирешесине салык

15740,0

11111100

Салык агенти тологон киреше салыгы

15740,0

11122

Патенттоо негизиндеги салык

818,0

11122100

Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык

18,0

11122200

Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы

800,0

113

Менчикке салыгы

4171,0

1131

Мулкко салык

1660,0

11311

Кыймылсыз мулкко салык

300,0

11311200

Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы

300,0

11312

Кыймылдуу мулкко салык

1360,0

113121

Жеке адамдардын транспорт каражатына салыгы

1360,0

11321

Жер салыгы

2511,0

11321100

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

580,0

11321200

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

680,0

11321300

Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы

1251,0

11412

Товарлардан жана кызматтардан алынуучу салык

34276,5

116

Товарлардан жана кызматтардан алынуучуь жалпы салык

96,5

14

Сатуудан тушкон салык

96,5

 

Роялти

34180,0

14

Салык эмес жыйымдар

6999,9

14152110

Ижара толому

3974,9

1415

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

2250,0

14152120

Жердин ижарасы учун акы

1053,3

14152200

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

500,0

142

Жайыт ижарасы учун акы

553,3

14221

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

660,0

14221

Муницип.имарат.ижара акысы

11,6

14221700

Товар сатуудан жана кызмат акыдан тушкон киреше

2700,0

14221

Жыйымдар жана толомдор

400,0

14221700

Таштанды толому

400,0

143

Айып акылар,санкциялар конфискациялар

325,0

14511400

отчисление на развитие и содерж.инфраструк.местного значения.

325,0

 

Тендоочу грант

9338,9

 

Бардыгы:

71344,3

Чыгашалардын жыйынтыгы

71344,3

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

8264,5

Айыл окмоттун резервдик фонду

700,0

Коргонуу

1000,0

Айыл чарбасы

16828,2

Комуналдык чарба

3512,5

Маданият

15407,2

Билим беруу

24731,9

Социалдык коргоо

900,0

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин жоопту катчысы А.Жээнбаева