Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги отуз төртүнчү сессиясы

 

2020-жылдын 19-июну № 34-7

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын беш айлык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана 2021-2022-2023 - жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Т. Зулпуев айыл өкмөтунун 2020-жылдын беш айлык бюджетин аткарылышын, 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана 2021-2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолду долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2021-2022-2023-жылдарга бюджетин болжолду долбоорун бекитуу жөнүндөгү” негизинде Кыргыз Республикасынын бюджетик кодексинин 115-беренесинин 2-жана 4- пунктуна таянып Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2020 - жылдын беш айында бюджеттин кирешелери план 6551,1 мин сом болсо, аткарылганы 5338,4 мин сом же болбосо 1212,7 мин сомго, киреше аз түшкөн жана пайыз 81,5% ке аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн кошумча трансферттер кошулбаганда 2021-жылга 17230,9 мин сом, 2022-жылга 17327,9 мин сом, 2023 - жылга 17637,7 мин сомго, айылдык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын жана аларды конкреттүү ошол жылдары бюджетке тактоо жана толуктоо жүргүзүү менен белгиленсин.

3. 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн « Милдеттүү патенттин негизинде салыгы » -20,0 мин сом; “Ыктыярдуу патенттин негизинде салык”-200,0 мин сом акча каражаты кыскартылсын жана бекитилген планга кошумча акча каражатын “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр» +170,0 мин сомго, акча каражатын планга кошумча киргизилсин ( № 1 тиркеме тиркелет).

4. 2020-жылдын чыгаша бөлүгүнөн Раздел 701 “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” чыгымдар сметасынан үнөмдөлгөн акча каражатын Статья -2111-“Маяна” төлөөгө байланышкан чыгымдар -42,6 мин сом, Статья -2121- “Социалдык фондго төгүмдөр” төлөөгө байланышкан чыгымдар – 7,4 мин сомго, акча каражаты кыскартылсын ( №2 тиркеме тиркелет).

5. Бюджеттин 2021-2022-2023-жылдарга түзүлгөн болжолдуу долбоорун аткарууга жана бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Алимжан уулу Н милдеттендирилсин       

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин «экономика бюджет соода жана ишкерлик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мурзаматов

 

Депутаттардын Т. Зулпуев айылдык кенешинин

 алтынчы чакырылышы кезектеги отуз төртүнчү

сессиясынын № 34-2 токтомуна № 1 тиркеме

 

Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын айылдык бюджетинин киреше бөлүмүнө өзгөртүүлөр жана тоолуктоолорду кийирүү жөнүндө

(миң сом)

№ пп

Көрсөткүчтөр

Элементи

2020-жылга бекитилгени

2020-ж болжол

Айырмасы (+;-;)

1

Милдеттүү патенттин негизинде салык

11111100

110,0

90,0

-20,0

2

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

11122200

1450,0

1250,0

-200,0

3

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

14511400

51,0

221,0

+170,0

 

Жалпы

 

1611,0

1561,0

-50,0

катчы:                                                                                                                                                                                                                                                                             К. Саланов

Депутаттардын Т. Зулпуев айылдык кенешинин

алтынчы чакырылышы кезектеги отуз төртүнчү

сессиясынын № 34-2 токтомуна № 2 тиркеме

Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын айылдык бюджетинин чыгыша бөлүмүнө өзгөртүүлөр жана тоолуктоолорду кийирүү жөнүндө

(миң сом)

№ пп

Көрсөткүчтөр

Элементи

2020-жылга бекитилгени

2020-ж болжол

Айырмасы (+;-;)

 

Милдеттүү патенттин негизинде салык

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

11111100

5775,6

5733,0

-42,6

11122200

854,0

846,6

-7,4

 

Жалпы

 

6629,6

6579,6

-50,0

 катчы:                                                                                                                                                                                                                                                                                                   К. Саланов