Редакцияот 19.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 37-сессиясы

 

2020-жылдын 19-марты № 37-1

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2020-жылдын 18-февралындагы №35-2-токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун чыгышын эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялагандыгына байланыштуу жана 2020-жылдын 18-мартындагы Кыргыз Республикасында коронавирустун катталгандыгына байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун жана Көк-Жар айыл аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-10) коркунучунун алдын алуу үчүн жана жайылуусуна жол бербөө максатында , “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 1-пунктунун, 4-подпунктуна таянып, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2020-жылдын 18-февралындагы 6-чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын №35-2 токтомунун 2-пунктуна 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Бөлүнүп берилген акча каражаты бюджеттик кодексте белгиленген мыйзамдарга негиз элдердин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жумшалсын.

3. Бөлүнүп берилген акча каражатын каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

4. Бөлүнгөн акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                               Н.Туманов

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын

кезексиз 37-сессиясынын №37-1 токтомуна

№1-тиркеме.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдан 2020-жылга карата калдыгынын сметасы

702

 

Өзгөчө кырдаалдар үчүн

661415

Ак-Өтөк участкасына МЧС тарабынан курулуучу тосмого өздүк салым

224776

Жалпысы 702

886191

70491

 

Жийде айылындагы ички жолдорду тазалоо жана оңдоо үчүн

200000

Жийде айылына 300 диаметрдеги 10 метр темир труба сатып алуу үчүн

25000

Жалпысы 70491

225000

70629

 

Борбордук камеранын ремонтуна

15000

Каранай айылындагы жолго орнотулуп калган столбаларды жылдыруу үчүн

60000

Борбаш айылындагы жарыткычтардын ремонту учун

20000

Сарыкаңды айылына түнкү жарыткычтарды сатып алуу үчүн

33800

Бам участкасына таза суу чыгаруу

25668

Борбаш айылына кичи чыналуудагы электр мамычаларын сатып алуу үчүн

67599

Жийде айылына кичи чыналуудагы электр мамычасын сатып алуу

115000

Трансформатор жабдыктарын сатып алуу үчүн

31402

Жалпысы 70629

368469

70823

 

Улуу-Тоо айымдарына колдоо көрсөтүү үчүн

50000

Музыкалык аппараттардын ремонту үчүн

3000

Дистанционный микрафон сатып алуу үчүн

5000

Маданият үйүнүн капиталдык ремонту үчүн

60000

Алашан спортзалына курулуш материалдарын сатып алуу үчүн

300000

Борбаш стадионуна строй материал сатып алуу үчүн

60000

Жалпысы 70823

478000

70911

 

Алашан келечеги жана Ак-шоолаб.б. интернет киргизүү үчүн

50000

Алашан келечеги жана Ак-шоола б.б. интернетинин төлөмү үчүн

36000

Балдар бакчаларынын 2019-жылга карата эл.энергиясынан болгон карыздары үчүн

210444

Суйкум б.б. отканасына

40000

Жийде бурак балдар бакчасынын 2-корпусунун ремонту үчүн

80000

Эски балдар бакчасына суу кампа куруу учун

50000

Алашан келечеги б.б. тараза сатып алуу үчүн

2000

Көк-Жар таңы б.б. 1 даана таразы

2000

Суйкум б.б. тараза сатып алуу үчүн

2000

Жийде бурак б.б. тараза сатып алуу үчүн

2000

Ак-шоола б.б. тараза сатып алуу үчүн

2000

Тан-Нуру б.бакчасына 1 даана ноутбук алуу үчүн

20000

Көк-Жар таңы б.б. 1 даана компьютер сатып алуу үчүн

20000

Көк-Жар таңы б.б. 1 даана 3В1 принтер сатып алуу үчүн

19536

Суйкум б.б. компьютер жана принтер сатып алуу үчүн

50000

Ак-шоола б.б. компьютердик жабдыктарды сатып алуу үчүн

32500

Көк-Жар таңы б.б. 1 даана электро генератор 5 кВт сатып алуу үчүн

10000

Жалпысы 70911

628480

70921

 

Алашан жана Маданият мектебине интернет төлөмү үчүн

36000

Балдар бакчаларынын 2019-жылга карата эл.энергиясынан болгон карыздары үчүн

384100

Көк-Жар мектебинин котельныйынын жабдыктарын сатып алуу учун

29000

Борбаш орто мектебинин коридоруна кафель басуу

40000

Борбаш мектебине спортзалынын ремонтуна

70000

Каранай т.э.о.м. Шкаф сатып алуу үчүн

20770

Жалпысы 70921

579870

БААРЫСЫ

3166010

Төрага

Н.Туманов