Редакцияот 29.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма төртүнчү- сессиясы (VI –чакырылыш )

 

2020-жылдын 29-июну № 24/1

Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешинин “Жооптуу катчы” административдик муниципалдык кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 5- февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө № 64 токтомуна негиз айыл аймагындагы калктын саны 601 ден жогору болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 29- декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга” ылайык Кара-Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчы административдик муниципалдык кызмат орунун штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө 

Кара – Кочкор айылдык округунун кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 5- февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө № 64 токтомуна  негиз айыл аймагындагы калктын саны 601 ден жогору болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 29- декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга” ылайык Кара-Кочкор айылдык кеңештин жооптуу катчы административдик муниципалдык кызмат орунун штаттык бирдиги бекитилсин. 

Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин жоопту катчысынын эмгек акысын Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмү менен макулдашып чечип берүү жагы ФЭБ башчысы К. Ибраимовго жүктөлсүн . 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин социалдык маданий , билим беруу , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы И. Курманбаевге ) жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .

 

 

Төрага

Э. Жакеев